Журналист Турат Акимов 20-февралга караган түнү өз үйүнүн жанынан сабалды. Президент Алмазбек Атамбаев «Деньги и власть» гезитинин башкы редакторуна кол салуу боюнча ишти тергөөнү өз көзөмөлүнө алды.

Акимов журналисттерге өзү билдиргендей, ага кол салуу 20-февралда, түн жарымынан кийин өз үйүнүн жанында болгон.

«Калитканын артына бийик бойлуу, спорттук дене түзүлүштөгү бейсболчон бала жашынып алган. Ал артыман келип диаметри 32 миллиметр болгон темир союл менен башка чапты. Экинчи жолу чабаарда колум менен тосуп, аны кайта чаптым. Мен чапкан учурда колундагы темир союулу жерге түшүп, ал качып кетти», — деп билдирген журналист Sputnik маалымат агенттигине.

Ал ага медициналык жардам ошол эле түнү көрсөтүлүп, андан кийин үйүнө кеткенин айтты.

Турат Акимов кол салууну «саясий буйрутма» деп атоодо.

«Бул «буйрукту» ким бергендиги жөнүндө божомолум бар. Буга чейин түз опузалоолор болгон эмес. Мен оппозициялык «Деньги и Власть» гезитинин башкы редактору болгонум үчүн аны атайын «жогору жакта» отургандардын «буйругу» деп эсептейм», — деди ал.

Акимовго кол салуу фактысы боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду, бул тууралуу Kloop.kgге Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев билдирди.

Ал ортодо өлкө башчысынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев журналистке кол салуу ишин тергөөнү өз көзөмөлүнө алды.

Атамбаев ички иштер министри Мелис Турганбаевге журналистке кол салган арам ойлууларды издөө боюнча  ыкчам чараларды көрүүнү,  тыкыс  тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну тапшырды.

Бул акыркы бир жыл ичинде Кыргызстанда журналистке кол салуу болгон алгачкы учур эмес.

2015-жылдын октябрында Бишкектин четинде абактан качкандардын бирин колго түшүрүү операциясынын жүрүшүндө белгисиз адамдар «Супер-инфо» гезитинин журналисти Максат Орозумбетовду сабап, видеокамерасын тартып алышкан.

Ошол эле жылдын майында Kloop.kgнин журналисти Владимир Цайга кол салуу болгон — анда журналист унаасынын ичинде отурганда белгисиз эркек киши эки жолу Цайдын камерасын уруп, аны зыянга учураткан.

2015-жылдын башында журналист Булат Сатаркулов өз үйүнүн жанында сабалган — түн ичинде белгисиз адамдар аны бир нече жолу уруп, жумуштан кийин өзү менен бирге алып келе жаткан жабдууларын тартып алышкан.

Сатаркулов ал түнү чек арачылар АКШга баруусу үчүн өлкөдөн чыгарбай койгон оппозиционер Адил Турдукулов тууралуу сюжет тарткан. Бирок анда журналист кол салууну ал сюжеттин тартылышына байланыштырган эмес.