Нарын облусунда өспүрүм бала өз теңтушун атып алды. Каза болгон 16 жаштагы бала жерге берилди. Азырынча кылмыш иши козголо элек, тергөө иштери жүрүп жатат.

Нарын облусундагы Баш-Кууганды айылында 17 жаштагы өспүрүм өз теңтушун кокустан атып алган, деп билдиришти милициядан.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев 23-февраль күнү 16 жана 17 жаштагы эки өспүрүм бала үйдөн кош дүрмөттүү «Белка» куралын алып, талаага аңчылыкка барышканын айтты.

«Бирөөсү [17 жаштагы бала] тамашалап коюуга аракет кылып, ок чыгарган. Азыр жагдайлары териштирилип жатат, бирок болжолдуу маалыматтар боюнча, ал эрксизден атуу болгон», — деди Осмонбаев.

Окуя тууралуу милицияга айылдык фельдшер кабарлаган. Соттук-медициналык экспертизанын болжолдуу маалыматтары боюнча, өспүрүмдүн баш сөөгүндө жаракаттар табылган.

Осмонбаев каза болгон бала жерге берилгенин айтты.

Жашы жете элек берки өспүрүмдү суракка алып, андан кийин үйүнө кое беришкен. Азырынча ал окуя боюнча кылмыш иши козголо элек.

Окуянын өзүнүн жагдайларын териштирүүдөн сырткары милиция кызматкерлери куралдын өзүнүн каяктан алынганын тактап жатышат — ал катталбаган курал болгон. Анын ээси — ок чыгарган баланын атасы — куралды таап алганын айткан.

Катталбаган курал-жаракты сактап жүргөндүгү үчүн ал беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Басма сөз кызматтын өкүлү табылган куралды өз эрки менен өткөрүп бергендер үчүн акчалай сыйлык каралып, алар кылмыш жоопкерчилигине тартылбай тургандыктарын кошумчалады.

Бул өспүрүмдөр курал-жарактардан жыбаркаган алгачкы учур эмес. Өткөн жылдын октябрында 14 жаштагы өспүрүм сейфтен таап алган аңчылык куралы менен өзүн башына атып алган.

Милицияны катуу үндү уккан коңшулары чакырышкан. Анда атылган октон өспүрүм каза болуп калган.

2010-жылдын сентябрында 15 жаштагы үч өспүрүм бала бирөөсү үйүнөн алып келген сериялык номурлары өчүрүлгөн ТТ тапанчасын көрүп жатышкан.

Жыйынтыгында ал эрксизден атылып кетип, ок өспүрүдөрдүн биринин мойнуна тийген.