ArtAsian кыргыз стартабы Бүткүл дүйнөлүк мобилдик конгрессте мыкты үчтүктүн катарына кирди. Компания Борбордук Азиядагы кол өнөрчүлөр жасаган буюмдарды Интернет аркылуу сатуу менен алектенет.

Кыргызстандан барган команда 22-февралдан 25-февралга чейин Барселонада өткөн Бүткүл дүйнөлүк мобилдик конгрессте үчүнчү орун алды.

ArtAsian стартабынын негиздөөчүлөрүнүн бири Айтурган Залпукарова Kloop.kgге курган маегинде команда сынакка катышкан башка 18 стартаптын арасынан байгелүү орунга ээ болот деп күтпөгөнүн айтты.

«Биз абдан таң калып жатабыз. Мындайды күткөн эмеспиз. Бул жеңиш менен бизге өтө чоң жоопкерчилик тагылууда. Биз убада кылган нерселерди аткарууга аракет кылабыз», — деди ал.

Стартаптардын глобалдык сынагына беш континенттен барган 19 команда катышкан. Биринчи турда кыргыз командасы 9 команданы артка калтырып, мыкты ондуктун катарына кирген. Финалда ArtAsian Голландия менен Египеттен барган командаларга утулуп, үчүнчү орунга ээ болду.

«Бул менин жашоомдогу эң толкунданган учурлардын бири болду. Сенин долбооруңдун жеңүүчүлөрдүн катарында экенин жарыялап жаткандагы сезимдерди баяндап берүүгө мүмкүн эмес», — деди долбоордун негиздөөчүлөрүнүн дагы бирөө Нурсултан Сулайманов.

ArtAsian январда жаштар арасында өткөрүлгөн инновациялардын «Евразиянын мобилдик кубогу» аталышындагы эл аралык сынакта жеңишке жеткен. Анда команда Казакстан менен Өзбекстандан алдыга чыгуу менен 25 миң доллар утуп, Барселонада өтө турган эл аралык «Дүйнөнүн мобилдик кубогу» сынагына жолдомо алган.

Тема боюнча: Видео: Интернет аркылуу кыргыздын колго жасалган буюмдарын сатып жаткан стартап

Эми команда бизнес мектебинде окуу үчүн бир аптага Мадридке барып, анда инновациялык технологиялар менен ишкерлик тармагындагы эл аралык эксперттер менен жолугушат.

Мадриддеги бизнес-мектептин венчурдук лабораториясынын башкы директору Пари де Летраз жеңүүчүлөргө «ишкерлик бүгүнкү күндө жаштар ээ болгон маанилүү баалуулуктардын бири болуп саналарын» айтты.

Сынакта жолугушуулар менен кеңешмелерди уюштуруу үчүн тиркеме иштеп чыккан голландиялык стартап жеңишке ээ болду. Экинчи орунду автоунаалар менен алмашуу үчүн мобилдик тиркемесин көрсөткөн египеттик команда алды.

ArtAsian долбоору — бул Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү кол өнөрчүлөрдүн эмгектерин көрсөтүү жана сатуу үчүн онлайн-аянтча.

Учурда ArtAsianдын жардамы менен кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн буюмдарын Стамбулда, Лондондо, Берлинде, Сан-Францискодо жана Москвада сатып алып жатышат. Команда келечекте ири шаарларда өкүлчүлүктөрдү ачып, сатууну дүйнө боюнча жолго салууну пландап жатат.