Парламент депутаты Кожобек Рыспаев телеканалдар менен радиостанцияларды берүүлөрдүн чет элдик ээлери тууралуу билдирүүгө милдеттендирүүнү сунуштоодо. Анын айтымында, бул «объективдүү эмес» маалыматтарды аныктоого жардам берет.

25-февралда президенттик КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев телеканалдар менен радиостанцияларды берүүлөрдүн чет өлкөлүк ээлери тууралуу билдирүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Мыйзам долбоорунун идеясына ылайык, телеканал же радиостанция компаниянын энбелгиси менен берүүнүн ээси катталган өлкөнүн аталышын көрсөтүүгө милдеттүү болот.

Рыспаев эгер телеканал же станция чет мамлекеттерге таандык болсо, анда ал дагы эфир маалында көрсөтүлүшү керек экенин айтты.

Депутат Kloop.kgге мыйзам долбоору көрүүчүлөрдүн «тигил же бул басылманын кимге таандык экенин билүүсү үчүн» багытталганын айтты.

«Шаардыктардын көбү НТСтин, «Азаттыктын» кимдики экенин билишпейт. Эл алардын кимге таандык экенин билиши керек. Мисалы, «Азаттык» — бул америкалык уюм», — деди Рыспаев.

Ал мыйзам долбоору Кыргызстандын маалымат айдыңын «маалыматтык чабуулдар, белгилүү бир көз караштарды таңуулоо жана коомдук пикирди монипуляциялоодон» коргойт деп эсептейт.

Рыспаев анын мыйзам  долбоору азырынча чет элдик үлүшү бар телекомпаниялар менен кыргыз телеканалдарынын эфиринде көрсөтүлүп жаткан берүүлөргө гана тиешелүү экенин айтты.

«Андан ары көрөбүз. Буга кесиптештер нормалдуу эле реакция кылышты. Бирок эгер кимдир бирөө жергиликтүү компаниялар ээлеринин аты-жөнүн көрсөтсүн деп сунуштаса, мисалы, НТС Бабановго таандык деп, анда кандайдыр бир реакция болушу мүмкүн», — деди Рыспаев.

Медиа-эксперт Акмат Алагушев Kloop.kgге курган маегинде мыйзам долбоорунун зарылчылыгы жок экенин билдирди.

«Эгер кардар тууралуу айтсак, анда бул ага таптакыр кереги жок. Эн белги тууралуу айтсак, анда кайсыл гана ЖМК болбосун өз эн белгисине ээ жана аны жарыялайт. А менчик ээси тууралуу маалымат кардарга кызыксыз. Анан да ал баарына белгилүү. Кайдагы маалыматтык коопсуздук? Мында кайдагы зарылчылык? Мыйзам долбоорунун демилгеси — эч нерсе жөнүндө эмес», — деди ал.

«Азаттык» радиосунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн директору Султан Каназаров Kloop.kgге «Азаттык» менен Би-би-си ансыз деле өз берүүлөрүндө аны кайсыл өлкө же уюм каржылай тургандыгы жөнүндөгү маалыматтарды көрсөтүшөрүн айтты.

Сүрөт: Азаттык