«Алаңгазар Макс: Каардуу жол» тасмасы америкалык киноакадемиянын мыктыларды сыйлоо боюнча 88-жолу өткөн аземинде алты сыйлыкка ээ болду. Мыкты тасма — «Көңүл чордонунда», мыкты режиссер — Алехандро Иньярриту, мыкты актёр — Лео Ди Каприо жана мыкты актриса — Бри Ларсон.

Голливудда 88-жолу «Оскар» киносыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Кеченин алып баруучусу куудул Крис Рок болду.

Алтын статуэткалардын эң көбүн Жордж Миллердин «Алаңгазар Макс: Каардуу жол» тасмасы чогултту. Тасма алты сыйлыкка ээ болду: «Мыкты үн», «Мыкты үн монтажы», «Мыкты монтаж», «Мыкты грим жана чач жасалга», «Сүрөтчүнүн мыкты иши» жана «Костюмдардын мыкты дизайны» номинациялары боюнча.

Ошондой эле «Алаңгазар Макс» «Мыкты тасма», «Мыкты режиссер», «Оператордун мыкты иши» жана «Мыкты визуалдык эффектилер» номинацияларына да көрсөтүлгөн.

«Мыкты тасма» номианциясында Том МакКартинин «Көңүл борборунда» эмгеги мыкты деп табылды. Тасма ошондой эле «Мыкты оригиналдуу сценарий» үчүн да сыйлыкка ээ болду.

Мыкты режиссер деп «Аман калган» тасмасы үчүн Алехандро Гонсалес Иньярриту табылды. Ал тасмадагы мыкты эркектин ролу үчүн Леонардо Ди Каприо да сыйланды. Ал үчүн бул алгачкы «Оскар». Буга чейин ал бул номинацияга беш жолу көрсөтүлгөн.

«Аман калгандын» оператору Эмануэль Любецки операторлук иши үчүн «Оскар» алды. Бул акыркы үч жыл ичиндеги анын үчүнчү статуэткасы болуп калды.

Мыкты актриса деп «Бөлмө» тасмасындагы ролу үчүн Бри Ларсон табылды. Экинчи пландагы мыкты актёр — Марк Райлэнс, экинчи пландагы мыкты актриса — Алисия Викандер.