Премьер-министр Темир Сариев Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги Раппопорт аллеясын сактап, Тамчы — Корумду унаа жолун кеңейтүү үчүн андагы бактарды кыйбоону тапшырды.

2-мартта Өкмөттүн басма сөз катчысы Назира Ахмедова «Фэйсбуктагы» жеке баракчасына премьер-министр Темир Сариев Тамчы — Корумду унаа жолун кеңейтүүнүн башка вариантын карап көрүүнү тапшыргандыгын жазды.

«Өкмөт башчы аллеяны бойлой жайгашкан бактарды колдон келишинче сактап калуу зарылдыгы тууралуу бир канча жолу айткан», — деп жазды ал.

Ахмедова учурда Тамчы — Корумду жолун кантип тарыхый аллеяга зыянын тийгизбестен кеңейтүүгө болорун чече турган эксперттик комиссия иштеп жатканын кошумчалады.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн жолдун курулушу менен алектенип жаткан «Лонг Хай» компаниясы жеткиликсиз болууда. Ысык-Көл райондук администрациясынын өкүлүнүн айтымында, бактардын кыйылышы керектиги тууралуу ошол компания билдирген.

Раппопорт аллеясынын андан аркы келечеги жөнүндөгү маселе Ысык-Көл облустук администрациясы тарабынан жолду кеңейтүү үчүн андагы бактардын кыйылыш мүмкүндүгү тууралуу билдирүү таратылгандан кийин талкууга алынып баштаган.

Азырынча бактарды кыюу боюнча акыркы чечим кабыл алына элек, бирок Токой институтунун башчысы Нурсултан Чынгожоев Kloop.kgге курган маегинде бактардын көбүн кыюуга мезгил келгенин айткан.

«Эгер биз азыр кайсыл бир экземплярларын калтыра турган болсок, анда башкалары кийин шамалдан кулап калышы ыктымал. Бактар тамыры менен кошо жолго кулап башташы мүмкүн. […] Азыр биз бактардын кайсыл бир бөлүгүн калтыруу ыктымалдыгынын бар-жоктугун объективдүү карап жатабыз», — деген ал.

«Жолду — түштүгүрөөк куруу»

Тарыхый аллеянын кыйылышы ыктымалдыгы тууралуу жаңылык социалдык түйүндөрдүн кыргызстандык колдонуучуларынын арасында нааразычылыктарды жараткан.

Укук коргоочу Бурул Макенбаева жолду бактарга зыянын тийгизбестен эле аллеянын жанынан алып өтүүгө болорун жазды.

«Эмнеге башка өлкөлөрдө көп кылымдык бактар бар, а биздикине келгенде аларды чирип калды деп айтышат? Жолду анын жанынан алып өтүп, а аллеяны жөө сейилдөө үчүн калтырып койсо деле болот да», — деп жазды ал «Фэйсбукка».

Юрист Жанабил Давлетбаев жолду аллеяга зыянын тийгизбестен кантип алып өтүүгө боло тургандыгынын схемасын жайгаштырды:

12794777_1046924882015900_364704730745661438_o

«Көп жылдардан бери турган бактарды кыйбастан эле азыркы жолдон түштүгүрөөк жакка экинчи тилке кылууга болору ачык көрүнүп турат», — деп жазылган схемада.

Аллеядагы бактарды 2014-жылдын жайында, Ысык-Көл облусу «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына» даярданып жатканда кыйып башташкан.

Анда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү жалпы аллеянын 40-50 пайызын түзгөн куураган бактар гана кыйыла тургандыгын билдирген.

Раппопорт атындагы аллея Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаары менен Бактуу-Долоноту айылынын ортосундагы жолду жээктей тигилген. Аллея өз жумушчулары менен бирге 1934-жылы алгачкы көчөттөрдү тиккен жергиликтүү асыл тукум жылкы заводунун директору Леонид Раппопорттун атынан аталган.

Сүрөт: Александр Федоров