Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев биометрикалык маалыматтарын тапшырбагандарга кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу тууралуу «жалган билдирүүлөрү» үчүн жоопко тартылышы керек, деп эсептейт юрист Нурбек Токтакунов.

«Прецедент» юридикалык фирмасынын башчысы Нурбек Токтакунов «жалган расмий билдирүүлөрү» үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) башчысы Тайырбек Сарпашев менен мекеменин басма сөз кызматын жоопко тартуу талабы менен өкмөткө кайрылуу ниетинде.

12805767_10207204635625855_3843824728127025562_n-e1456905927967

Юрист Сарпашевдин биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандарга мамлекеттик кызматтардын көрсөтүлүшүнө тыюу салган №6 буйруктун бар экендигин танган сөздөрүн «жалган билдирүү» деп атады.

Токтакунов «Фэйсбуктагы» баракчасына сот ал документтин бар болгондугун ырастаганын жазды. Соттун маалыматы боюнча, кийинчерээк ал буйрук жокко чыгарылган.

«Качан биз мамлекеттик кызматтардын биометрикалык маалыматтарын тапшыргандар үчүн гана жеткиликтүү болору тууралуу Сарпашевдин буйругу боюнча сотко кайрылганыбызда Каттоо кызматы андай расмий буйруктун жок экенин билдирип, жөн гана жарандарга биометрикалык маалыматтарын тапшыруу сунушун айтуу боюнча оозеки гана көрсөтмө болгонун айтышкан. Эми алардын алдагандыктары далилденди», — деп жазды юрист.

Сот ишти кароону токтотуп, Токтакунов ал чечим менен макул болгон. Учурда юрист өкмөткө кайрылуу даярдап жатат.

Биометрика тапшыргандарга гана кызмат көрсөтүү

Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган жарандарга кызмат көрсөтүүдөн баш тартып жаткандыгы тууралуу маалыматтар ушул жылдын январында пайда болгон.

МККнын кызматкерлери кыргызстандыктарга турмуш кургандыгын каттоодон, паспорт берүүдөн жана башка кызматтардан баш тартылышы мүмкүндүгү жазылган Сарпашевдин жазуу жүзүндөгү №6 «ички» буйругун аткарып жаткандыктары кабарланган.

Анда МККнын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов Kloop.kgге курган маегинде Сарпашев адистер кызмат көрсөтүүдө жарандардын биометрикалык маалыматтарынын бар-жоктугун сурасын деп «оозеки сунуштама» бергенин айткан.

«Ал оозеки сунуштама. Сенден: «Биометрикаңды тапшырдын беле? Өтүнүч, өлкө үчүн биометрикаңды тапшырып кой» деп айтышат. Эгер сен: «Мага баары бир», деп жооп берсең, анда сага: «Мейли, андан ары барып кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана бер» деп айтышат», — деген Эржигитов.

Прецеденттер мектебинин үйрөнчүгү Бекболот Касаболотов №6 буйрук боюнча Бишкектин райондор аралык сотуна кайрылган. 1-мартта сот кийин жокко чыгарылган андай буйруктун бар болгондугун ырастаган.

Биометриканын айланасындагы талаш-тартыштар

Кыргыз жарандарынын биометрикалык маалыматтарын топтоо 2015-жылдын сентябрында башталган.

Укук коргоочулар Нурбек Токтакунов менен Токтайым Үмөталиева милдеттүү түрдө биометрикалык каттоодон өтүүгө каршы чыгышкан — алардын пикирлеринде, биометрия тууралуу мыйзам «иштебейт» жана «Конституцияга каршы келет».

Айрым укук коргоочулар биометрикалык маалыматтарды сактоо системасындагы коопсуздуктун жоктугун белгилешкен — Мамлекеттик каттоо кызматы ал мүчүлүштүктү мойнуна алып, маалыматтар базасынын «коопсуздугунун үстүнөн иштөөнү» убадалаган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өз биометрикалык маалыматтарын 2015-жылдын июлунун башында тапшырып, кыргызстандыктарды да биометрикалык каттоодон өтүүгө чакырган.

Аны менен катар өлкө башчысы биометрикалык маалыматтарын тапшыруудан баш тартып жаткандарды «жалкоолор» деп атаган.

Укук коргоочулар президенттин ал айткандарын айыпташып, биометрикалык каттоодон өтүү тууралуу анын талабын «диктатордук» талап деп аташкан.

Биометрикалык маалыматтарын тапшырбагандар 2015-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо добуш бере алышкан эмес.