Бишкектин Лев Толстой жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде поезд адамды сүзүп кетти. Күбөлөрдүн айтымдарында, жабырлануучу аман калган, учурда ал ооруканада.

3-мартта поезд Бишкектин Лев Толстой жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз эркек кишини сүзүп кетти.

13-2-560x420

Окуя болгон жерге тез жардам кызматы барды. Күбөлөрдүн айтымдарында, жабырлануучу аман калган.

Тез жардам кызматынын өкүлдөрүнүн айтымдарында, ал төшүнөн, курсак тарабынан жана баш сөөгүнөн жаракат алган. Учурда жабырлануучу төртүнчү шаардык ооруканада.

Дарыгерлердин маалыматтары боюнча, поезд сүзүп кеткен адам Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун тургунун болуп чыккан.

«Абалы оор, азыр реаниматолог дарыгерлер иштеп жатышат», — деди №4 шаардык оорукананын башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков.

Окуянын чоо-жайын Бишкек ШИИБсинин кызматкерлери териштирип жатышат. Темир жол милициясынын башкармалыгынын өкүлдөрү да кырсык болгон жерге барышып, тергөө иштерин өткөрүп башташты.

Поезддердин кыймылы үчүн жооптуу болгон «Кыргыз Темир Жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Сүрөт: Репортер