Ири ишкер, «Дордой» холдингинин ээси Аскар Салымбеков аукциондо жип жана мыктарды пайдалануу менен «стринг арт» техникасында жасалган кыргыз желегин 75 миң сомго сатып алды. Акча Токмоктогу балдар үйүнө берилет.

Бишкектеги Спорт ордосунда жип жана мыктарды пайдалануу менен «стринг арт» техникасында аткарылган Кыргызстандын желеги коюлган аукцион өттү.

Желекти «Дордой» холдингинин ээси Аскар Салымбеков 75 миң сомго сатып алды.

Аукцион «Чын Дилимден» коомдук фонду тарабынан 3-мартта белгиленчү Мамлекеттик желек күнүнө арналып уюштурулду.

Аукциондун уюштуруучуларынын бири Мээрим Абдрахманова иш-чарага парламенттин бардык депутаттары менен борбордогу ишкерлер чакырылганын, бирок ага дээрлик эч ким келбегендигин айтты.

«Биз жаштарды колдоп көбү келет го деп үмүттөнгөнбүз, бирок дээрлик эч ким келген жок», — деди ал.

Салымбековдун өзү Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде сатып алган желекти Кыргыз Улуттук университетине (КУУ) белек кыларын айтты.

P1080200

«Балдар абдан эмгектенишип, мыктарга жип байлоо менен уникалдуу желек жаратышыптыр. Абдан түйшүктүү иш болгон. А эң башкысы төлөнгөн акча Токмоктогу балдар үйүнө берилет. Мына ушул себептен [желекти] алдык», — деди ишкер.

Абдрахманованын айтымында, желекти жасоодо кыйынчылыктар болгон, бирок аларга мамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков жардам берген.

«Биз жасап жатканда күн кандай түрдө болушу керектиги боюнча суроолор пайда болду. «Википедияны» ачсак маалыматтар бири-биринен айырмаланат экен, ошондуктан биз желектин авторлорунун өзүлөрүнө кайрылдык, Эдил агай [Айдарбеков] бизге түшүндүрүп берди», — деди ал.

Студенттер бул эмгегин жаратууга 13,5 миңдей мык жана 20 чакырым жип кетиришкен. Желектин туурасы 1,52, узуну 2,44 метр.

Айдарбековго жаш дизайнерлердин иши жаккан. Ал жаштар бул сыяктуу нерселерди жасоосун улантышы керек деп эсептейт.

«Бүгүн кыргыз желегинин күнү, а бул биздин өлкөнүн символу. Качандыр бир кездерде бул желекти биз ойлоп тапканбыз, а азыр болсо балдар андан оригиналдуу нерсе жасашыптыр. Жакшы эмгек. Бул деген жаштар кайдыгер эмес, желектин мамлекеттин символу экенин түшүнүшөт дегенди билдирет. Менимче, бул башталышы гана, муну улантуу керек. Иштин өзү жана идеясы абдан жакты», — деди ал.

«Эбелек» чыгармачыл студиясынын дизайнери Айтжамал Шамыратова алар мындай масштабдагы ишти биринчи жолу аткаргандыктарын айтты.

«[Желек жасалган стринг арт] техника көптөн бери эле бар, чет өлкөлөрдө бул техникада түрдүү картиналарды жасашат. Бизде болсо жаңы гана өнүгүп келе жатат. Алгач биз мындай техникада анча чоң эмес нерселерди жасап келгенбиз, бир ай мурда желек жасоо идеясы пайда болду. Анан аны дал Желек күнүнө карата чыгарууну чечтик», — деди ал.

Автор: Айдана Канатбек