Бүгүн 8-март жана мен силер менен өзүмдүн айрым кыялдарым менен бөлүшүүнү кааладым. Чынында төмөндөгүлөрдүн баары тууралуу адамзаты 8-мартты майрамдап жатканда гана ойлобойм, бирок бул күн мага өз ойлорумду жалпы коомчулук алдына чыгарууга сонун шылтоо болууда.

Мен эмне жөнүндө кыялданам?

  1. Адамзаты гендерлердин чексиз көп түрдүүлүгүн таануусу жөнүндө

Мен адамзаты гендердик иденттүүлүк менен биологиялык жыныстын таптакыр башка нерселер экендигин таануусу жөнүндө кыялданам.

Биологиялык жыныс негизинен хромосомалардын тизмеги менен (ал да дайыма эмес) аныкталат.

Гендердик иденттүүлүктөр болсо чексиз санда бар. Ар бир адам иденттүүлүктү өз алдынча тандоого эрктүү жана мен коом кимдир бирөө тарабынан таңууланган эмес, а адам өзү тандаган гендерди тааныса деп кыялданам.

Албетте мен адамдар гендерлерине карабастан укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү жагынан тең болсо деп кыялданам. Баналдуу угулуп жатышы мүмкүн, бирок эмнегедир көбү буга кошулбайт.

  1. Гендер кесиптик жана турмуш-тиричилик тармагында роль ойнобой кала тургандыгы жөнүндө

Мен гендердик иденттүүлүк жумушка кабыл алууда, айлык акыны белгилөөдө, министрлер кабинетинин курамын тандоодо же окуучуларды класска кабыл алууда эч кандай мааниге ээ болбогон жашоо тууралуу кыялданам.

Мен ар бир адам каалаган кесиби менен алектенип, гендер жагынан алып караганда ал өзүн кандай деп эсептей тургандыгына эч кимдин иши болбосо дейт элем.

Мен эгер качандыр бир кезде Кыргызстандын президенттигине мисалы, трансаял талапкерлигин коюп, эл анын гендердик иденттүүлүгүн, анын жыныстык органдарын эмес, а саясатчы жана чиновник катары кесипкөй сапаттарын талкууласа деп  кыялданам. Мен элдин азыр талапкердин костюмунун түсүнө көңүл бурбагандай эле трансаялдын талапкерлигин коюп жаткандыгын да байкабагандай болсо деп кыялданам.

  1. Документтерде адамдын жынысы көрсөтүлбөй кала тургандыгы жөнүндө

Мен паспорт жана башка документтерде «жынысы» деген графанын болушун туура көрбөйм. Ал графа басмырлоо үчүн рычаг гана жаратууда. Андан да биздин коомдун практикасында биологиялык жынысты көпчүлүк учурларда автоматтык түрдө адамдын гендердик иденттүүлүгүнө да ооштуруп жиберишет.

Ал графанын практикалык колдонулушу дээрлик жок. Каршылаштар ал графа кимдин армияда кызмат өтөөгө милдеттүү экенин аныктоого керек деп айтуулары мүмкүн, бирок мен ар бир адам жынысына жана гендерине карабастан армияда кызмат өтөбөө укугуна ээ болушу керек деп эсептейм, бирок бул өзүнчө жазып чыгара турган башка тема.

Мен «жыныс» дагы, «гендер» дагы мамлекеттин жана анын бюрократиялык механизмдеринин эмес, а адамдын жеке иши болсо деп кыялданам.

  1. Адамдар гендердик идентүүлүктөрдүн каалаган комбинациясы менен мамиледе боло ала тургандыгы жөнүндө

Мен романитикалык, моногамиялык, полиамордук мамилелер, өз ара каалоодогу секс, баш кошуу жана адам укуктарын бузбай турган бардык нерсе үчүн бир дагы чоң кишиде юридикалык жана социалдык тоскоолдуктар жок болсо деп кыялданам.

Мен өз ара мамиледе болгон адамдардын гендеринин комбинациялары алар каалагандай болуп, аны менен эч кимдин иши болбосо деп кыялданам.

Цисэркек менен трансэркек мамиле түзүп алышыптырбы? Мейли. Интерсекс менен гендерквир жолугушуп атыптырбы? Уланта беришсин. Цисаял менен цисаял баш кошуп, бала багып алуу чечимин кабыл алышыптырбы? Эч ким каршы эмес.

Эгер бул сизди шок кылып жатса тынчтаныңыз — менин кыялдар дүйнөмдө албетте цисэркектер цисаялдар менен камиле кура алышат. Эгер сиз гетеросексуалдык цисэркек болсоңуз, анда кам санабаңыз, сиздин жеке жашооңузга эч кандай коркунуч жок, а башка бирөөнүн жеке жашоосу болсо баары бир сиздин ишиңиз эмес.

  1. 8-март Эл аралык аялдар күнү катары маанисин жоготот

Мен 8-март Эл аралык аялдар күнү катары майрамдалбай калса деп кыялданам, анткени аялдарды басмырлоо эчак эле өткөн чытырман кезде калган.

Мен 8-март гендердик тең укуктуулук үчүн ийгиликтүү күрөшүү күнү болуп калса деп кыялданам.