Орусиялык теннисчи Мария Шарапова допинг колдонгондугун мойнуна алды. Эл аралык теннис федерациясы спортчунун мелдештерге катышуусуна убактылуу тыюу салды.

Дүйнөнүн мурдагы биринчи ракеткасы жана дүйнөдөгү эң көп акча алган спортчу Мария Шарапова Лос-Анжелестеги маалымат жыйынында допинг колдонгондугун мойнуна алды. Сынамдын оң натыйжасы Шарапова чейрек финалында Серена Уильямска утулуп калган Австралиянын 2016-жылкы ачык чемпионатында алынган.

Эл аралык теннис федерациясы бул билдирүүгө өз реакциясын билдирди. Шарапова ушул жылдын 12-мартынан тарта кандай гана мелдеш болбосун катышуу укугунан убактылуу ажыратылат.

Шарапова жүрөк оорулуу жана организминдеги магнийдин өлчөмү төмөн болгон адамдарга бериле турган мельдоний колдонгондугун мойнуна алды. Теннистчи ал дарыны акыркы он жыл ичинде дайыма колдонуп келгендигин билдирди.

«Мен абдан чоң ката кетирдим. Өз күйөрмандарым менен спортту оңтойсуз абалга калтырдым. Мен бул үчүн өзүмө толук жоопкерчиликти алам. Бирок мен мунун кесепеттерине дуушар болорумду билем жана карьерамды ушундай аяктагым келбейт. Менин оюнга кайтып келишиме экинчи мүмкүнчүлүк берилет деген терең үмүттөмүн» — деп билдирди Шарапова.

Мария Шарапова Лос-Анжелестеги маалымат жыйынында
Мария Шарапова Лос-Анжелестеги маалымат жыйынында

Мельдоний Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттик тарабынан тыюу салынган заттардын тизмесине 2016-жылдын 1-январында гана киргизилген. Андай чечимдин кабыл алынышына немис окумуштууларынын өткөн жылдын декабрында чыккан илимий макаласы себеп болгон. Изилдөөнүн маалыматтарына ылайык, мельдоний чыдамдуулукту жогорулатып, чоң жүктөлүш болгон учурларда булчуңдардагы чыңалууну жок кылат. Ал организмден бир нече сутканын ичинде толук чыгып кетет.

Кошмо Штаттарда мельдоний сатылбайт, бирок ал Орусияда жана бир катар балтика өлкөлөрүндө жеткиликтүү. Ушул жылдын февралындагы допинг-тесттен орусиялык веложарышуучу Эдуард Ворганов өтпөй калган, а 7-мартта фигурачы Екатерина Бобровадан  тесттин оң натыйжасын табышкан. Эки спортчу тең мельдоний колдонгон.

2015-жылдын күзүндө Орусия Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы күрөшүү агенттигинин кодексин бузган өлкө деп табылган. Анда Орусиянын Допингге каршы лабораториясын (жетекчиси жаңжалдан кийин отставкага кеткен ) жыйынтыктарды жазгырууга айыпташкан.  Агенттик ишендиргендей, Москвадагы инспекциянын алдында 1400дөн ашык допинг-сынамдары жок кылынган. Мындан улам Орусиянын жеңил атлетика боюнча командасы толугу менен ушул жылы Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимпиадалык оюндарга катышуудан четтетилиши мүмкүн.

Мария Шарапова — орусиялык теннисчи, Чоң туулга мелдешинин беш жолку жеңүүчүсү жана Лондондо өткөн 2012-жылдагы Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси. Ал 2015-жылы Forbes журналынын версиясы боюнча кезектеги жолу эң бай спортчулардын тизмесинин алдыңкы сабына жазылган. Өткөн жылы Шарапова дээрлик 30 миллион АКШ долларын иштеп тапкан.