Токтогул ГЭСинин 2015-жылдын декабрында жарактан чыккан агрегаты 20-мартта ишке берилет. Адистер кыштан төрт агрегаттын үчөөсү менен гана чыгууга мүмкүн болгондугун жылуу аба ырайы жана электр энергиясынын жөндүү пайдаланылгандыгы менен түшүндүрүштү.

Токтогул ГЭСиндеги гидроагрегаттардын бири олуттуу зыянга учурагандыктан аны оңдоо иштери бир нече айга созулуп кеткен. 2015-жылдын декабрында «Электр станциялар» ишканасына агрегатты калыбына келтирүү иштери үчүн Орусиядан адистерди чакырууга туура келген.

«Электр станциялардын» басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиеванын айтымында, калкка электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүгө жарактан чыккан агрегат тоскоолдук кылган эмес.

«Токтогул ГЭСинде 1200 мегаватт кубаттуулуктагы төрт гана гидроагрегат бар, бирок биз кыштан алардын үчөөсү менен гана чыктык. Өлкөнүн толук керектөөсүн жабуу үчүн бизге үчөө эле жетиштүү болду», — деди Айдаралиева Kloop.kgге курган маегинде.

Ал алгач «Электр станциялар» эгер электр энергиясынын жетишсиздиги сезилсе аны Казакстандан сатып ала тургандыгын билдиргени менен компания маал-маалы менен өчүрүүлөрдү болтурбай, электр энергиясын чет өлкөлөрдөн сатып албоого жетишкенин кошумчалады. 2015-жылдын декабрынын аягында компаниянын башчысынын орун басары Узак Кадырбаев ГЭСтеги бузулууларга байланышкан «кризистик абалдан» улам жарык өчүрүлүшү мүмкүндүгүн билдирген болчу.

«Бул калктын электр энергиясын колдонууга акылдуулук менен мамиле кылып баштагандыгына, ошондой эле кыштын салыштырмалуу жылуу болгондугуна байланыштуу», — деп эсептейт Айдаралиева.

Токтогул ГЭСиндеги гидроагрегат 28-декабрда жарактан чыгып, Чүй облусунун Москва, Жайыл жана Панфилов райондоруна электр энергиясын берүүдө мүчүлүштүктөрдү жараткан. Ага чейин, 23-декабрда ГЭСтеги дагы бир агрегат бузулуп, ал 14-январда оңдолуп бүтүп иштеп баштаган. «Электр станциялар» ишканасынын басма сөз катчысынын айтымында, ал эки авариянын себептери белгисиз — алар боюнча комиссия дагы деле териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Январдын башында өлкөнүн премьер-министри Темир Сариев Токтогул ГЭСине барып, агрегаттарды оңдоо иштери январдын ортосунда бүткөрүлөрүн убадалаган.