Парламенттин экс-төрагасы Акматбек Келдибеков мамлекетке 10 млн. сом төлөп бермейинче тил каттын негизинде сыртка чыкпайт. Буга чейин прокурор анын катаал режимдеги абакка он жылга эркинен ажыратылышын өтүнгөн.

Бишкек шаардык сотунда парламенттин экс-төрагасы Акматбек Келдибековдун иши боюнча угуулар аяктады.

Сот Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, Келдибековго карата 10 млн. сом айып төлөө жазасын белгиледи.

Келдибеков АКИпресс маалымат агенттигине курган маегинде соттун чечими боюнча жогорку баскычка даттануу-даттанбоо боюнча ойлонуп көрөрүн айткан.

Сот отурумуна катышкан парламенттин мурдагы басма сөз катчысы Шаирбек Маматокторов Kloop.kgге курган маегинде «Келдибековдун — эркин киши» экенин айтты.

Буга чейин прокурор Асаналы Иманбеков сот жообуна тартылы жаткан саясатчыны катаал режимдеги абакка 10 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн болчу.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан шаардык соттун бул чечими боюнча Жогорку сотко даттануу-даттанбоо маселесин 10 күндүн ичинде чече тургандыктарын билдиришти.

Келдибековго каршы айыптоолор

2013-жылдын ноябрында Акматбек Келдибековго каршы Салык кызматы менен Социалдык фондду башкарып турганда коррупциялык иштерге барган деген айыптар тагылган.

Саясатчы салык чогултуу функциясын «Бизнес өнөктөш» деген аталыштагы жеке компанияга берген жана «жарандардын жеке камсыздандыруу эсептеринен көчүрмөлөрдү чыгарууга» «Ротак-Бишкек» компаниясына 21 миллион сомду мыйзамсыз бөлүп берген деп шектелген.

Ошондой эле Акматбек Келдибеков Москвада Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн мыйзамсыз ачкан деп айыпталган. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, аталган уюмду кармап турууга 10 миллион сом жумшалган.

2015-жылдын ноябрында экс-төрага Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан «Коррупция» беренеси боюнча акталып, «кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Сот анда Келдибековду 3 млн. сом айып пул төлөөгө милдеттендирген, бирок ал сумма дагы деле төлөнө элек.

Со-автор: Эльдос Казыбеков