13-мартта Озерный айылында өткөн джип-спринт боюнча мелдештерге 40ка жакын айдоочу катышып, квадроциклдер менен жолтандабастардын жарыштарын көрүү үчүн миңге жакын көрүүчү чогулду.

Жолтандабас автоунаалар менен квадроциклдердин джип-спринт боюнча жарыштары 13-мартта Озерный айылында болду. «Штурмовик» аталышындагы жолтандабас кыймылынын шоусун көрүүгө миңге жакын көрүүчү келди.

IMG_0044

Джип-спринт — бул жолтандабас автоунаалардын табигый жаратылыш шарттарда өтө турган жарышы. Адатта андай мелдештердин трассасы чукул бурулуштар, дөңдөр жана эңкейиштер сыяктуу табыгый тоскоолдуктардан турат.

IMG_0230

Жарыштар төрт категория боюнча өткөрүлдү. Эң жеңил типтеги унаалар — ТР-1 — биринчилерден болуп жарышка түшүштү. Анда катышкан автоунаалар кадимки жолтандабастардан өтө деле айырмаланбайт, асмасы бир аз көтөрүңкү жана резинасынын өзгөчө экендиги эле болбосо.

IMG_0063

Бир саатка созулган айланма жарыш каттамдын узундугун бойлой жайгашкан көрүүчүлөр арасында көптөгөн эмоцияларды жаратты: балдар укмуштуудай көрүнүшкө суктанып жатышса, чоңдордун көбү өз кумирлерин колдошуп, трассада тыгылып калган экипаждарды сүрөөнгө алып жатышты.

IMG_0015

IMG_0120

Андан соң ТР-2 категориясындагы автоунааларга кезек келди, алар үчүн бир аз оорураак трасса даярдалган. Бул категориядагы жолтандабастар заводдук комплектацияда, бирок кыймылдаткыч түйүндөрүндө, жүргүч бөлүмүндө жана трансмиссиясында модификацияларга ээ. Ошондой эле алардын да асмасы бир аз көтөрүлгөн.

IMG_0110

Динамикалуу жарыш башында токтоп калды: эки жолтандабас трассанын тик бөлүгүндөгү чуңкурга тыгылып калды. Экипаждар чет жактан жардам алуу укугуна ээ эмес — алар абалдан өз күчтөрү менен чыгуулары керек.

IMG_0097

IMG_0117

Мелдештердин башкы окуясы эң оор — ТР3 — категориясындагы жарыштар болду. Ага сырты менен рамасы өзгөртүлүп, асмасы менен дөңгөлөк базасы жасалган автоунаалар катышышат.

Бул категориядагы жарыштын катышуучуларынын бири Алан Дүйшөкеев жарыш трассасын «оор» деп атады.

IMG_0538

«Бүгүн бир кемчилик — бул чаң. [Жарышка түшкөндөр үчүн] чаң коркунучтуу эмес — чаң менен баткак — биздин чөйрөбүз, бирок ал көрүүчүлөр үчүн ыңгайсыздык», — деп эсептейт ал.

IMG_0386

IMG_0469

IMG_0484

Мелдештердин уюштуруучулары билдиришкендей, алар быйыл мындай жарышты жетинчи жолу өткөрүштү.