Теолог Кадыр Маликовго кол салууга шектелгендердин бири Түркиядан Кыргызстанга алынып келинди. Экинчи шектүү Кыргызстан бийлигине аны өткөрүп берүү боюнча түрк сотунун чечиминен кийин берилет.

Теолог Кадыр Маликовго кол салууга шектелген Алибек Тилек уулу Кыргызстанга 19-мартта алынып келинди. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тилек уулуна Интерполдун линиясы боюнча эл аралык издөө жарыяланган, кийинчерээк, 2015-жылдын 30-ноябрында ал Түркиянын Газиантеп шаарынан кармалган. Аны кыргыз тарапка өткөрүп берүү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин ал кыргыз милициясынын коштоосунда Стамбулдан Бишкекке алынып келинген.

Азыр Тилек уулу Бишкек ШИИБсинин убактылуу кармоочу жайында камакта.

Азырынча Стамбул соту экинчи шектүү Ырыскул Бейшеналиевди өткөрүп берүү боюнча чечим кабыл ала элек. Маселе андагы Кыргызстандын консулдугу менен Түркиянын укук коргоо органдары тарабынан талкууланууда.

Маликовго кол салуу 2015-жылдын 26-ноябрында Бишкектин түштүгүндөгү «Асанбай» кичи районунда жайгашкан «Народный» дүкөнүнүн жанында болгон.

Белгисиз адамдар анын мойуну жакка бычак сайышып, ага каршы электрошокер колдонууга аракет кылышкан. Маликов алардан качып кете алган жана кийин шаардык оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.

Кол салуу фактысы боюнча милиция «бейбаштык» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, кийин аны «коомдук ишмерди өлтүрүү үчүн кол салуу» беренесине өзгөртүшкөн.

Маликовдун өзү кол салууга Кыргызстанда экстремисттик деп табылган «Ислам мамлекети» уюмунун өкүлдөрүнүн тиешеси бар болушу мүмкүн деп шектенген. Ага кол салынган күндүн эртеси ал диний экстремизмге каршы туруу боюнча маалымат жыйынына катышмак.

Маликов ошондой эле ага чейин «Ислам мамлекети» тараптан коркутуулар болгондугу тууралуу бир нече жолу билдирген.

Теологго кол салууга шектелип нарындык 29 жаштагы Алибек Тилек уулу менен ноокаттык 30 жаштагы Ырыскул Бейшеналиев кармалган. Шектүүлөр Казакстанга чыгып, ал жактан Түркияга учуп кетүүгө жетишишкен.

Кол салуудан кийин Маликов күнү-түнү күзөт менен камсыз кылынган.