Интерполдун кызматкерлери Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин улуу кызынын күйөөсү Адил Тойгонбаевди Бириккен Араб Эмираттарынан кармашты. Тойгонбаев 2005-жылдагы март революциясынан кийин издөөгө алынган, ал алдамчылыкка жана өзгөчө ири өчөмдө уурдоого айтыпталууда.

Кыргызстан тарабынан эл аралык издөөгө жарыяланган Адил Тойгонбаев Дубайда кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Милиция учурда анын Кыргызстанга экстрадицияланышы маселесин чечип жатат.

Тойгонбаев эл аралык издөөнүн «Кызыл циркуляр» нормасына киргизилген. Ал норма жаза кылмышына шектелип, Интерполго мүчө болгон башка өлкөнүн аймагында жүргөн адамдарды тез аранын ичинде кармап, экстрадициялоого мүмкүндүк берет.  

Тойгонбаев Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин улуу кызы Берметтин мурдагы күйөөсү. 2005-жылы өлкөдө бийлик алмашкандан кийин ал Аскар Акаев президент болуп турган жылдарда бир катар экономикалык кылмыштарга барган деп айыпталган. Жаңы бийлик аны алдамчылыкка, рейдерлик басып алууга жана ири өлчөмдө уурдоого айыптаган.

Тойгонбаев «Вечерний Бишкек» басма үйү жана спирт ичимдиктерин өндүргөн «Кыргызалко» компаниясына ээлик кылып, ошондой эле «Манас» аскер базасына күйүүчү майлоочу май жеткирип турган деп эсептелинет.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 1999-жылдан 2005-жылга чейин Тойгонбаев жетектеген «Аалам сервис» ЖЧКсы Кыргызстандын авиа-ташуучуларга күйүүчү майлоочу май жеткирүү базарында монополиялык орунду ээлеп турган.

Айыптоо ишканалардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн түшкөн киреше офшордук компаниялардын эсептерине түшүп турган деп божомолдоодо. 1999-жылдан 2005-жылга чейин жашыруун кирешенин суммасы 16,5 миллион АКШ долларынан ашкан, а төлөнбөгөн салык суммасы — 1,3 миллион АКШ долларын түзгөн.

Тойгонбаевге 2005-жылы, Аскар Акаев бийликтен кеткенден кийин издөө жарыяланган. 2014-жылы ал Москва бийлиги тарабынан кармалган, бирок кийинчерээк бошотулган.

Анда анын жактоочусу Тойгонбаев «европалык өлкөгө жашоо ниетинде экенин» билдирген.

Сүрөт: Алтын-Ордо