Кыргызстанда Аксы районундагы Үңкүр-Тоодогу телемунара жайгашкан жердин кимге таандык экендиги боюнча талаш-тартыш күч алууда.

Үңкүр-Тоодогу телемунаранын Өзбекстандын аймагында жайгашкандыгы тууралуу интернетке жарыяланган документтин үзүндүсү — жасалма. Бул тууралуу Кыргызстан өкмөтүнүн аппаратынын Курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн жетекчиси Элдияр Убалиев билдирди.

22-мартта оппозиция өкүлдөрү «Өзбекстан Республикасынын аймагында жайгашкан» кыргыздардын РРС-24 «Кербен» телемунарасын башка жерге көчүрүү зарылдыгы тууралуу 2015-жылдын 11-ноябрдагы протоколго окшогон документтин үзүндүсүн жарыялашкан.

Оппозиционер Адил Турдукулов Kloop.kgге алар «абалды түшүнүү» үчүн документтин толук версиясын издеп жаткандыктарын айтты.

Элдияр Убалиев тарабынан көрсөтүлгөн 2015-жылдын 11-ноябрдагы протоколдо телемунара «Өзбекстан Республикасы менен болгон чек арада» жайгашкан деп жазылган. Андагы даталар менен аталган фамилиялар интернетке таркатылган үзүндүнүн көчүрмөсү менен толук дал келүүдө. Бирок мунаранын жайгашкан жеринде гана айырмачылык болууда.

Кыргызстандын өкмөтү станциянын өзүн көчүрүү тууралуу маалыматты четке кагууда. Ал эми телемунара жайгашкан жер боюнча маселе ачык бойдон калууда.

«Белгилей кетчү нерсе, «Кербен-24» радио релелик станциясы көчүрүлбөйт. Чекара тилкесинин аталган участок аркылуу өтүү маселеси Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чекарасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча ишинин алкагында талкууланат», — деп жазылган өкмөттүн басма сөз кызматынын 22-марттагы пресс-релизинде.

Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаровдун айтымында, тилке такталбаган бойдон калууда жана анын кимге таандык экендиги меселесин өкмөттөр аралык комиссия чечет. Бул тууралуу ал кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өткөн 24-марттагы маалымат жыйынында билдирди.

Кыргызстандын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубалы Төрөмаматов «КирТАГ» агенттигине курган 2013-жылдын октябрындагы маегинде Аксы районунун Үңкүр-Тоосундагы тилке Өзбекстанга таандык экенин билдирген.

«Бул эки өлкөнүн тең чек аралар боюнча комиссияларынын №20 протоколу менен бекитилген. «Кыргызтелекомдун» мунарасы чынында эле алардын аймагында турат», — деген анда Төрөмаматов.

IMG_7189

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы башчысы Токон Мамытов тилкенин Өзбекстанга таандык экендигин далилдеген документтин бар экендигин четке какпайт, бирок анын «акыркы» чечим эмес экенин билдирген.

«Кыргыз ССРинин Жогорку кеңешинин президиумунун 1961-жылкы документи бар, ага ылайык, ал тилке өзбек тарапка таандык. Бирок бул акыркы чечим эмес. Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссия ал тилкени каттаганга чейин бир нерсе айтуу азырынча эрте», — деген Мамытов 2013-жылдын октябрында.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үңкүр-Тоодо жайгашкан радио релелик станциянын (РРС-24 «Кербен») айланасындагы талаш-тартыш 2013-жылдын сентябрында, качан Өзбекстандын аскерлери келип, тоого өз желегин орноткондон кийин пайда болгон.

Ал окуя жергиликтүү калкты тынчсыздандырып, алар нааразычылык акциясын өткөрүшүп, бийликтен 2013-жылдын октябрына чейин тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылышкан. Бийлик Өзбекстандын өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы чыңалуу

Үңкүр-Тоо тууралуу жаңылык Өзбекстан менен чек арадагы чыңалуу абалынын фонунда пайда болду. 18-мартта Өзбекстан Аксы районунун Чаласарт аймагындагы чек аранын тактала элек тилкесине эки БТР унаасын, эки КамАзын жана 40ка жакын аскер кызматкерлерин жайгаштырган.

Бул Кыргызстан Касан-Сай суу сактагычында оңдоо иштерин жүргүзүүгө Өзбекстандын жумушчуларын киргизүүдөн баш тарткандан кийин болгон.

Ошол эле күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин  өзбек өкмөтүнө чек арадагы тосмолорду алуу талабы жазылган нааразычылык нотасын жөнөткөн. Бирок ага эч кандай жооп болгон эмес. Эртеси Кыргызстан чек арага жакын жерге эки БТР унаасын жана аскерлерин жайгаштырган.

Тараптар 20-мартта андагы аскер кызматкерлеринин санын 20дан 8ге чейин кыскартуу боюнча макулдашууга келишкен. Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, «Кыргызстан БТР унааларын өзбек тарап өз аскер техникаларын чыгарып кеткенден кийин алат».

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан Kloop.kgге 24-мартка карата андагы абал эч өзгөрүүсүз экенин билдиришти. Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров маалымат жыйынында чек аранын Чаласарт бөлүгүндө эки тараптан тең төрттөн адам калганын айтты.

Башкы сүрөт: АКИpress