Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бийликти күч колдонуп басып алуу жана коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга шектелип жатышкан Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду суракка алып жатат.

24-мартта Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов менен экс-депутат Кубанычбек Кадыров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жеткирилишти.

«Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова «Фейсбуктагы» баракчасына Кадыров менен Асановдун басылманын кеңсесинде кармалгандыктарынын сүрөтүн жайгаштырды.

«Өздөрүн тааныштырып, андан кийин Кубанычбек менен Бектурду чакырышты», — деп жазды ал оппозиционер Адил Турдукуловдун Кадыров менен Асановду кармоого «штаттык кийимчен 10 кишинин» келгендиги тууралуу билдирүүсүнүн төмөн жагына.

1-13-450x253

УКМКнын басма сөз кызматынан Асанов менен Кадыровдун кармалган-кармалбагандыгын так айта албай тургандыктарын билдиришти. Мекеме тарабынан жиберилген пресс-релизде оппозиционерлер К.К. жана Б.А. деп көрсөтүлүшкөн.

Алар «өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырып, андан ары бийликти күч менен басып алуу аракеттерин пландаштырышкан» деп шектелип жатышат, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Оппозициялык активисттер жакынкы митингдерди жана бийликти кулатууну талкуулап жатышат делинген аудиожазуулар BulBul видео-хостингине 22-мартта жарыяланган. Анда болжолдуу түрдө Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов, экс-депутат Кубанычбек Кадыров жана убактылуу өкмөттүн ички иштер министринин мурдагы орун басары Дуулатбек Турдуналиевдин ортосундагы сүйлөшүү жазылган.

Оппозициячылардын өзүлөрү жазуунун аныктыгын четке кагышып, жарыяланган материалды — «монтаж жана жасалма» деп аташкан. Бирок эртеси УКМК ал аудиожазуунун аныктыгын ырастаган. Анын фонунда оппозиция өкүлдөрү 24-мартка белгиленген Оштогу курултайды өткөрбөө чечимине келген.

22-мартта Кыргызстандын Ички иштер министрлиги эгер жазуунун аныктыгы ырастала турган болсо, иш УКМК менен Башкы прокуратурага өткөрүлүп бериле тургандыгын билдирген.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун айтымында, учурда тергөө жүрүп жатат жана Кылмыш кодексинин 295-беренеси менен каралган «Бийликти күч колдонуп басып алуу» боюнча кылмыш иши козголгонун айтты. Кармалгандар аталган берене боюнча күнөөлү деп табылышса, анда аларга карата 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылышы мүмкүн.

Сүрөт: Замира Сыдыков жана Адил Турдукулов