Бишкектин Биринчи май райондук соту оппозиционер Эрнест Карыбековду 12-майга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Кечээ күнү ушундай эле чечим Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровго карата чыгарылган. Үчөө тең бийликти басып алууга даярданышкан деп шектелип жатышат.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Эрнест Карыбековду 12-майга чейин УКМКнын тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алды.

Сот жыйыны жабык өттү — ага сот имаратынын алдында «Карыбеков күнөөлүү эмес» жана «Карыбековго эркиндик» деген жазууларды кармап турушкан анын туугандары киргизилген жок.

Кечээ, 26-мартта ушул эле сот тарабынан Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов менен экс-депутат Кубанычбек Кадыровго карата дагы ушундай чечим чыгарылган.

Тергөө абагындагы оппозиционерлердин жактоочулары соттун бул чечимдери боюнча Бишкек шаардык сотуна даттануу ниетинде.

Кадыров менен Асанов 24-мартта оппозициялык «Республика» гезитинин кеңсесинде кармалышкан. Андан соң аларды УКМКнын имаратына алып барышып, сотко чейин ошол жерде кармап турушкан.

Оппозиционерлерди кармоого Bulbul жана YouTube видеосервистерине жарыяланган аудиожазуу себеп болгон. Анда Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов, экс-депутат Кубанычбек Кадыров жана убактылуу өкмөттүн ички иштер министринин мурдагы орун басары Дуулатбек Турдуналиевдин учурдагы бийликти кулатуу пландарын талкуулап жаткандыктары жаздырылган.

Кылмыш кодексинин 295-беренеси менен каралган «Бийликти күч колдонуп басып алуу» боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул иш боюнча 25-мартта Эрнест Карыбеков кармалган. Ал дагы бийликти басып алууну пландоого айыпталууда.

Беренеге ылайык, кармалгандар 12 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эрктеринен ажыратылуулары мүмкүн.