28-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бийликти басып алууга даярданууга шектелип жаткан коомдук ишмер Дастан Сарыгуловду кармады. Ал — бийликти басып алуу пландары айтылган аудио тасма жарыялангандан кийин кармалган төртүнчү оппозиционер болуп калды.

УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, Сарыгулов болжол менен оппозиционерлердин митингдерди уюштуруп, андан соң бийликти басып алууну талкуулап жаткандыктары жазылган аудио тасма жарыялангандан кийин, 28-мартта кармалганын билдиришти. Ал ошол эле күнү сурак берип, тергөө аяктаганга чейин үй камагына бошотулган.

«Оппозиция бийликти бөлүштүрүп жатат» деген аталыш менен чыккан аудио тасмада оппозиционер Эрнест Карыбеков менен коомдук ишмер Дастан Сарыгулов бар болгон.

Азырынча ал тасманын аныктыгы ырастала элек. Бирок аны менен катар Карыбеков унаада отуруп алып, Дастан Сарыгуловго оппозиционерлер менен болгон акыркы жолугушуунун жыйынтыктары боюнча маалымат берип жаткандыгы тартылган видео жарыяланды. 27-мартта Коомдук биринчи канал анын үзүндүсүн көрсөткөн.

«15ке жакын киши келди: Кырк-чоро, Замир [Көчөрбаев]. [Жолугушууну] Бекназаров өзү өткөрдү, жанындагылары анын жардамчылары болушкан. Алардын аты-жөнү эсимде жок, бирок ал кыйла эле таанымал кишилер. Чакырылгандардан Равшан Жэээнбеков, Адил Турдукулов, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров келишти… Биз бул бийликти кууп чыгуу керек дегенге макул болдук. Үчүнчү апрелде Бишкекте же Ошто митинг өткөрүүнү чечтик. Бирок ал жакынкы күндөрү так чечилет», — деген ал видеодо Карыбеков Сарыгуловго.

Сарыгуловдун өзү Sputnik.kgге курган маегинде сүйлөшүүлөр болгондугу фактысын четке каккан эмес. Бирок анын айтымында, анда кептин контексти башкада болгон — оппозиционерлер бийликти басып алып, кызматтарды бөлүштүрөлү дешкен эмес.

Анын кесиптеши Эрнест Карыбеков убактылуу кармоочу жайда камакта. Ал Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров УКМКга жеткирилгенден бир нече күндөн кийин, 25-мартта кармалган. Ал үчөө тең бийликти алмаштыруу боюнча пландарды талкуулап жаткандыктары жазылган аудио тасмалар жарыялангандан кийин кармалышкан.

Атайын кызматтагылар ал жазуулардын аныктыгын ырасташкан, бирок оппозиционерлердин өзүлөрү аудионун монтаждалганын билдиришкен. Кармалгандар 12-майга чейин тергөө абагында камакта болушат.