Толук метраждуу «ДвижЭние кылыш керек» тасмасы Бишкектин кинотеатрларынын экранына 2016-жылдын 31-мартынан тарта чыгып баштады. Kloop.kgнин кабарчысы анын жабык көрсөтүүсүндө болуп, жаңы кыргыз комедиясына сереп салды.

Кыргыз кинематографиясы Индиянын «Боливудундай» күнүнө төрт тасмадан чыгарууга жетише элек, бирок эки-үч айда толук метраждуу тасмаларды тартууга үгүрүп жатышат. «ДвижЭние кылыш керек» деген жаңы кинокомедиянын продюсери Аскат Табалдиевдин айтымында, тасма эки жарым айда тартылып бүткөн.

Мындай аз убакыт үчүн тасма жаман эмес, бирок менин кыргыз киносун сынга алып, жактырбай коюшума ал эмгектин канчалык оор экендигин түшүнгөнүм дайыма тоскоолдук кылып турат. Лирикалык чегинүү катары окурмандарга университетте биринчи курста окуп жүргөн кезимде кыска метраждуу тасма тартууга туура келгенин айтып өтөйүн. Тасма деп айтууга ооз барбаган ал эмгегимдин үстүнөн иштөө убактымды гана эмес, баалуу нервдеримди да алган. Андан кийин көрүүчү катар гана болбосо кинодо мага орун жок деген акыркы чечимге келгем.

Алгач мен «ДвижЭние кылыш керек» тасмасына скептикалык көз карашта болгом. Ага жабык көрсөтүүгө келген эл да түрткү болгон – эстрада жылдыздары, медиа кызматкерлери жана жергиликтүү көңүл ачуу жайларынын «светтик аксөөктөрү». Көпчүлүк учурларда ата мекендик режиссерлор өз тасмаларына актер катары жогоруда айтылган адамдарды чакырып ката кетиришет. Аларда актердук чеберчиликтин таптакыр жоктугу кийин тасманын мыкты болуп чыкпай калышына алып барат.

Бул комедия негизинен «Жарайт Сити» скетч-шоусунун актерлору менен КВНчылардан турат жана алар өз милдеттерин жаман эмес аткара алышкан. Тасманын авторлору болуп мурдагы КВНчылар менен «Большие люди» долбоорунун түзүүчүлөрү болуп эсептелишет, ошондуктан алардын теледолбоорлордо иштөөдөгү аз эмес тажрыйбалары экран аркылуу сезилип турду.

Тасмада өз жашоосуна нааразы болуп, бирок аны өзгөртүүгө эч кандай аракет кылбаган киши тууралуу айтылат. Башкы каарман Болот — бул ортостатистикалык болбосо дагы ага жакын болгон өтө кедей эмес, ошол эле маалда ашкере бай болбогон шаардык кыргыздын образына жакын. Анын аялы, жумушу бар, бирок аракети менен преспективалары жок. Тагыраагы, алар ага абдан алыс сезилет.

Болоттун жашоосундагы оор мүнөттөрдө ийгиликке жетүү боюнча тренингдери менен Кеңеш деген киши пайда болот. Ушул жерине келгенде биз баарыбыз бышкырып күлүп жиберебиз. Биз андай тренингдер жашоодо эч кандай жардам бербестигин билебиз да, бирок эмнегедир ал тренинг башкы каармандын жашоосундагы тагдыр чечүүчү нерсеге айланат.

Тасмадагы тренингчинин образы асмандан алынбагандыгын белгилеп кетүү керек. Кеңештин (толук аты-жөнү Жогорку Кеңеш) мүнөзү менен адаттары өзүн ийгиликтүү даанышман катары көрсөтүп, а чынында абадан акча жасаган, иши ордунан чыкпаган шектүү адам болгон чет өлкөлүк коучтарды элестетет.

Тасмадагы башка образдар да көңүл бурууга арзыйт: өзүндө иштиктүү жигит менен короодогу зөөкүрлөрдү айкалыштырган ЦУМдагы сатуучу Расим; жарым-жартылай тентимиш, жарым-жартылай жеңил мүнөздүү Айпери деген кыз. Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевге окшогусу келип, «Бакиев кетсин!» деп кыйкырган тренингдин катышуучусун өзүнчө белгилеп кетүүгө болот.

45

Тасма өз жанрына дал келет. Күлгүң келет, бирок бооруң эзилгиче эмес. Юмор сынга туруштук берет, ошол эле маалда претенциоздуу эмес. Авторлор көрүүчүнүн баяндоонун үстүнөн гана эмес, а ал баяндоонун формасынын үстүнөн да күлүүгө мүмкүндүк берген элементтерди кошушкан.

Албетте, тренддер да кошулбай койгон эмес. Аларды билгендердин арасында тасма кыйла көбүрөөк упайга ээ болот. Бишкектеги сейил бакта чемичке чагып, андан калган таштандыны тазалоо үчүн мамлекет акча төлөп бере тургандыгын айткан кыз тууралуу чыныгы болгон окуядан алынган «Государство төлөп бербейт» деген фраза эле эмнеге арзыйт.

Тасманын сюжетинин өзү жалпысынан жанрдын мыйзамдарын бузбайт – каарман жана чечүү керек болгон анын көйгөйү бар. Аны менен катар көйгөйдүн өзү Кыргызстандагы азыркы абалды көрсөтөт. Бизде бардык бакытсыздыктары үчүн айланасындагыларды күнөөлөп, асмандан жааган ырыскыны күтүп жата берген адамдардын көп экендиги сыр деле эмес. Узактыгы бир саатка созулган тасманын башынан аягына чейин кеп ушунун айланасында болот.

Тиешелүү түрдө «ДвижЭние кылыш керек» тасмасынын өзүнүн анча чоң эмес идеясы, көрүүчүлөргө карата аталышында көрүп турганыбыздай айтчу кайрылуусу бар. Анын жаратуучулары ачык эле адамдарды бир нерсе кылып баштоого, бирок алгач болуп жаткан нерселерге карата мамилени өзгөртүүгө чакырышат.

Ошондуктан эгер сиздин жумушуңузда, жеке жашооңузда көйгөйлөр болуп, баары кыйрап бара жаткандай сезилип, ошол эле маалда аларга сиз күнөөлүү эмес болсоңуз, анда түз эле «ДвижЭние кылыш керек» тасмасына барууңуз керек. Движение кылыш керек, балдар!