«Мегаком» уюлдук оператору абоненттерине «Байланышта» деген кызмат кошуп, ал үчүн күнүнө 1 сом 17 тыйындан төлөм алып турган. Күн сайын алынып турган ал төлөм тууралуу билген кардарлары өз нааразычылыктарын билдирип жатышат. Компаниядан абоненттик төлөм тууралуу маалымат ЖМКларда айтылып, уюлдук оператордун жөнөткөн СМС-билдирүүлөрүндө көрсөтүлгөнүн айтышты.

Нааразы болгон пикирлерди камтыган билдирүүлөр «Фейсбук» социалдык түйүндө 2016-жылдын мартынын аягынан тарта пайда боло баштаган.

Компаниянын кардарлары адаттан көп төлөп жаткандыктарын байкашкан — айдын аягында байланыш эсебине 35-36 сомду түзгөн кошумча кызматтардын баалары да кошулган. Карап көргөн соң абоненттердин алардын макулдугусуз эле оператор тарабынан автоматтык түрдө кошулган «Байланышта» деген жаңы кызматка төлөп жаткандыктары белгилүү болгон.

«Акылга сыярлык ой жүгүртүп көрсөк, сизге билдирбей туруп, макулдугуңуз жок эле таңууланган, ошол эле маалда аны пайдаланып жатканыңызды билбей, а төлөм алынып жаткандыгы фаткысы жашырылган нерсени коммерциялык «кызмат» деп айтууга болбойт», — деп жазды Алима Нургазиева аттуу колдонуучу «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына.

Megacom компаниясы «Байланышта» кызматын 2016-жылдын мартынын башында киргизген. Анын жардамы менен абонентттер аларга чалган адамдарга кайра байланышта болгонун эскертип, башка абоненттерден үн билдирүүлөрүн кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.

23

Кызматтын өзүнө кошулуу бекер, бирок абоненттик төлөмү бар болгон. Ал төлөм тууралуу абоненттер айдын аягында, байланыш эсептерин текшергенде гана билишкен. Кызмат үчүн төлөм суткасына 1 сом 17 тыйынды, же айына 35-36 сомду түзөт. Компаниянын абоненттеринин жалпы саны үч миллиондон ашык экенин эске алсак, анда ал кызмат менен «Мегаком» айына 105 миллиондон ашык сом таба алат.

«Мегакомдун» өкүлдөрү Kloop.kgге курган маектеринде ар бир кызматты кошуу аны ишке киргизүүдөн он күн мурда жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялар менен коштолорун айтышты.

«Бардык абоненттерге СМС-билдирүү жана өзгөрүүлөр тууралуу ЖМКлар аркылуу кабарланган. Кызматтардын, жаңы опциялардын дайыма өсүүсү менен жана жаңы кызматтар спектрлерин сунуштоо максатында кызматтар толукталып турушу мүмкүн. Эгер кызмат көрсөтүү шарттары Сизди канаатандырбаса, Сиз аны *970*0# сандарын терип өчүрө аласыз. Түшүнгөнүңүз үчүн рахмат», — деп жазылган компаниянын расмий катында.

Бирок «Мегакомдун» СМС-билдирүүсүндө абоненттик төлөм тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес. Компаниянын басма сөз кызматынан абоненттер *971 номуруна чалып, абоненттик төлөм тууралуу өзүлөрү билүүлөрү керек болчу деп айтышты.

24

«Мегаком» — кардарынын макулдугусуз эле акылуу кызматын кошкон жалгыз уюлдук оператор эмес. «Билайн» уюлдук операторунун абоненттери гудоктордун ордуна белгилүү бир обондорду орноткон «Салам» кызматы үчүн күн сайын 1 сом 95 тыйындан төлөшкөн.

«О!» уюлдук операторунун ушуга окшогон «ЗвонОК» кызматы тарифттик пландардын бирине которулууда автоматтык түрдө дароо кошулат. Абонент кызмат менен 30 күн бекер колдонот, бирок 31-күндөн тарта күнүнө 1 сом 99 тыйындан төлөп баштайт.

«Мегаком» — үч миллиондон ашык абоненти бар жана Кыргызстандын аймагын дээрлик толугу менен камтыган үч ири байланыш операторунун бири.

Компания 2010-жылы башка операторлор менен бирге — «Билайн», «Некси», «О!» — уюлдук телефондордон кеткен ар бир чалуу үчүн 60 тыйындан алуу төлөмүн киргизген. Ал төлөм экинчи абоненттин жооп берген-бербегендигине карабастан алынып турган. Анда ал төлөм калк арасында нааразычылыктарды жаратып, 7-апрелдеги революцияга алып барган факторлордун бири катар саналган. Өлкөдө бийлик алмашып, Убактылуу өкмөттүн декретинен кийин 2010-жылдын 10-апрелинен тарта уюлдук операторлор ал төлөмдү жокко чыгарышкан.