Tesla компаниясы баасы 35 миң доллардан жогору болгон Model 3 аттуу электр унаасын тааныштырды. Model 3түн релизи 2017-жылдын аягына белгиленгенине карабастан бир сутка ичинде 100 миңден ашык киши унааны сатып алуу каалоолорун билдиришкен.

Кечээ Tesla автоунаа компаниясынын башчысы Илон Маск Model 3 электр унаасын коомчулукка тааныштырды.

Model 3тү тааныштыруу аземи:

Tesla Model 3 — компаниянын эң арзан электр унаасы. Анын баасы 35 миң АКШ долларынан башталат. Салыштыруу үчүн, Tesla Model S седаны менен Model X кроссоверинин ар биринин баасы 100 миң долларга жакын.

Масктын айтымында, Model 3 стандарттуу топтомунда (комплектациясында) да «базардагы 35 миң доллар турган каалаган унаадан жакшы болот». Унаанын базалык мүнөздөмөлөрү — 0дөн 100 чакырым/саатка чейин 6 секундага жетпеген убакыттын ичинде күүлөнөт, бир кубаттандырылган батарея менен 350 чакырым (Model Sтен 70 чакырымга азыраак) жүрө алат жана орнотулган автобагыттоочу бар.

Унаа Model X кроссовери сыяктуу эле панорамалуу маңдайкы айнек менен жабдылат. Model 3түн салону беш чоң кишини «жайлуу» батыра алат.

Model 3түн төбөсү —панорамалуу айнек
Model 3түн төбөсү —панорамалуу айнек

Бетачар маалында Маск Model 3түн коопсуздугуна көбүрөөк көңүл бурду. Анын айтымында, унаа краш-тесттин бардык категорияларында тең беш жылдыздын бешөөсүнө ээ болгон.

Ошондой эле Маск сахнадан унаанын бетачары болгонго чейин эле бир сутканын ичинде Model 3кө 115 миң киши алдын ала тапшырык бергенин билдирди.

Tesla Model 3 электр унаа болуп эсептелгендиктен ал үчүн атайын инфраструктуранын болушу зарыл. Компания башчысы бюджеттик электр унаанын релизине чейин суперкубаттагычтардын (алар унаанын батареясын жарым сааттын ичинде эле жарымына чейин толтура алышат) саны дүйнө боюнча эки эсеге, ал эми мейманканалар менен аба майдандардагы стационардык кубаттагычтардын саны төрт эсеге көбөйө тургандыгын убадалады.

Supercharger кубаттагычтары ушундай көрүнүштө
Supercharger кубаттагычтары ушундай көрүнүштө

Tesla Model 3 учурда алдын ала тапшырык берүүгө жеткиликтүү, алгачкы үлгүлөрү 2017-жылдын аягында чыгып баштайт.