Кыргызстандын өкмөтү Өзбекстандын «Рахат», «Дилором» жана «Золотые пески» пансионаттарын жана дагы бир мейманканасын мамлекетин менчигине алат, деди өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Бакыт Асанов.

Өзбектердин «Рахат», «Дилором», «Золотые пески» пансионаттарын жана дагы бир мейманканасын мамлекеттин менчигине алуу чечими өкмөттүн жабык эшик артында өткөн 4-апрелдеги жыйынында кабыл алынды.

Өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Бакыт Асанов Kloop.kgге пансионаттарды кайтарып алуу менен Мамлекеттик мүлк фонду алектене тургандыгын билдирди.

«Кыргызстандын өкмөтү тарабынан Өзбекстандын пайдалануусундагы объектилерди мамлекеттин менчигине алуу чечими кабыл алынды. Премьер-министр Темир Сариев бүгүн төрт пансионатты кайтарып алуу тууралуу буйрукка кол койду», — деди ал.

Айтымында, объектилерди кайтарып алуу кыргыз-өзбек чек арасындагы чыңалуу абалы маалында өкмөттүн берген убадасына ылайык ишке ашырылууда. Анда эки тарап тең чек арасынын тактала элек тилкесине аскер күчтөрү менен БТР унааларын жайгаштырышкан болчу.

Азырынча кыргыз өкмөтүнүн бул чечимине карата Өзбекстандын реакциясы белгисиз.