Таанылбаган Тоолуу Карабах республикасынын аймагындагы куралдуу кагылышуулар 1-апрелден 2-апрелге караган түнү башталган. Азербайжан менен Армениянын бийликтери чабуул жасоого жана курал колдонууга бирин-бири айыптап жатышат. Жаңжалды жөнгө салуу менен ЕККУнун Минск тобу алектенет. Азырынча эл аралык коомчулук тараптарды согуштук аракеттерди токтотууга чакырып жатат. Азыркы маалга карата Карабах жаңжалы тууралуу эмнелер белгилүү?

Азербайжан менен Армениянын Коргоо министрликтери Тоолуу Карабах аймагындагы абалдын курчугандыгы жөнүндө 1-апрелден 2-апрелге караган түнү билдиришкен. Азербайжан бийлиги Армениянын куралдуу күчтөрү тарабынан жасалган ок атуулар тууралуу билдирди. Өз кезегинде Армения азербайжандыктардын «чабуул жасоо аракеттери» тууралуу билдирген.

Тоолуу Карабах республикасынын коргонуу армиясынын маалыматы боюнча, Азербайжан тарап калктуу конуштарга карата артиллериялык соккуларды уруп, армян тик учагын атып түшүргөн. Азербайжан таанылбаган Тоолуу Карабах республикасынын армиясына чабуул койгонун четке какпай эле, бирок ошол эле маалда андай аракеттерге армян тараптын согуштук чабуулуна жооп кылып барганына ишендирүүдө.

Согуштук аракеттердин жыйынтыгында 12 азербайжан жана 12 армян аскер кызматкери курман болушту. Жабыркагандардын арасында жайкын адамдар менен кичиней бала да бар.

Азербайжандын ТИМинин басма сөз кызматынын башчысы РИА Новостиге кырдаал туруксуз бойдон калып, армияда кызмат өтөгөн ыктыярчылар согуштук аракеттер болуп жаткан аймакка баруу каалоолорун билдирип жаткандыктарын айткан.

Армениянын ыктыярчылары болсо таанылбаган республиканын аймагын көздөй жөнөп кетишкен. Ал тууралуу «Еркрап» союзунун басма сөз катчысы Вардан Варданян билдирген.

Кагылышуулар башталгандан бир суткадан кийин тараптар жарашууну талкуулоого даяр экендиктерин билдиришкен, бирок ок атуулар уланып жатат.

Армениянын президенти Серж Саргсян согуштук аракеттерди ок атуулар токтогон 1994-жылдан берки «эң масштабдуусу» деп атады. Азербайжандын президенти Илхам Алиев өлкө «жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кыла тургандыгын», бирок ошол эле маалда армияны бекемдөөнү уланта берерин айтты.

Эл аралык коомчулуктун реакциясы

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун жаңжалга тиешеси бар бардык тараптарды тең «тез аранын ичинде куралдуу аракеттерди токтотууга» чакырды. Ал тууралуу БУУнун басма сөз кызматы 2-апрелде билдирген.

Орусия бийлиги абалга тынчсыздануусун билдирип, жаңжалды көзөмөлдөй турган Тоолуу Карабах боюнча ЕККУнун Миннск тобунун алкагында консультацияларды баштады.

Ал топко Орусия, АКШ, Франция, Армения, Азербайжан, Беларус, Германия, Италия, Швеция, Финляндия жана Түркия кирет. РИА Новостинин маалыматы боюнча, абалдын курчушуна байланыштуу топтун жыйыны 5-апрелде Венада өтөт.

«Биз күч колдонууну чечкиндүү түрдө айыптайбыз жана адамдардын, анын ичинде жарандык кишилердин каза болгондугуна өкүнүп жатабыз», — деп билдиришти 2-апрелде Минск тобунун теңтөрагалары.

Чет элдик иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Евробиримдиктин жогорку өкүлү Федерика Могерини абалдын курчуп кетпеши үчүн тараптар сабырдуу болушу керектигин билдирди. Ал өлкөлөрдү тынчтыкты сактоого чакырды.

Карабах жаңжалы

Азербайжандыктар менен армяндардын ортосундагы жаңжал 1988-жылдын февралында, армян тоолорунун чыгыш тарабында жайгашкан, бирок Азербайжанга таандык болгон Тоолуу Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыга тургандыгы жөнүндө билдиргенден кийин башталган.

1991-жылдагы референдумдун жыйынтыгы боюнча, добуштардын 90%дан ашыгы облустун көз карандысыздыгы үчүн берилген, бирок Азербайжан референдумдун жыйынтыгын тааныган эмес.

Азербайжан бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо тууралуу билдирип келет, бирок калкынын көбүн этникалык армяндар түзгөн таанылбаган республиканынын кызыкчылыктарын Армения коргоп жатат.

Эки тараптын бири-бири менен макул болбогондугунун айынан 1991-жылы куралдуу кагылышуулар болуп, түрдүү маалыматтар боюнча, андан 20 миңден ашык киши каза болуп, дагы 25 миңге жакыны жаракаттарды алышкан. Жайкын адамдар аймактан чыгып кетишкен. Андан сырткары дагы төрт миңге жакын киши дайынсыз жоголгон деп айтылып келет.

Тараптардын тирешүүсүн жөнгө салуу үчүн Орусиянын, Кыргызстандын жана КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын арачылыгы менен 1994-жылдын 5-майында Бишкек протоколуна кол коюлган. Ага ылайык, өлкөлөр ок атууларын токтотуулары керек болгон.

Жаңжал 2015-жылдын сентябрында кайра жанданган — версиялардын бири боюнча, анда биринчилерден болуп Азербайжан тарап Тоолуу Карабах республикасынын армиясына каршы аскердик күч колдонгон. Өз кезегинде расмий Баку өлкө армян тараптын чабуулуна жооп кылганын билдирген.