Американын Global Firepower басылмасы өлкөлөрдүн аскердик кубаттуулугу боюнча рейтингин түздү. Анда Кыргызстан 126 өлкөнүн ичинен 110-орунга жайгаштырылган. Тизмени түзүү үчүн басылма ЦРУнун жана ачык жеткиликтүү болгон маалыматтарды пайдаланган.

Кыргызстан өлкөлөрдүн аскердик кубаттуулук деңгээли боюнча  америкалык Global Firepower (GFP) басылмасынын рейтингинде 126 өлкөнүн ичинен 110-орунга жайгаштырылып, Борбордук Азия аймагында Өзбекстан менен Казакстандан артта калган. Коңшу өлкөлөр Кыргызстандан бир нече он сапка ашып кетишкен.

Global Firepower лидерлик позицияларга калкы көп өлкөлөр жайгаштырылганын, анткени аскердик коргонууда адам ресурсу башкы ролду аткара тургандыгын билдирди.

Рейтингди түзүүдө өзөктүк куралдардын бар экендиги эске алынбаганы менен анын алдыңкы саптарына өзөктүк державалар жазылган: Америка Кошмо Штаттары, Орусия жана Кытай. Ошондой эле алдыңкы бештиктин катарына Индия менен Франция кирген.

Global Firepowerдин маалыматы боюнча, өзөктүк куралдарга ээ жана НАТОнун союздаштары болуп эсептелген өлкөлөр бонустарды алышкан. Бирок рейтингди түзүүдө 50дөн ашык көрсөткүч эске алынган, алардын арасында колдо бар курал-жарак түрлөрүнүн кандай роль ойной тургандыгы, жаратылыш жана адам ресурстары, өлкөнүн географиялык жайгашкан орду жана анын өнөр-жайы бар.

GFPнин маалыматы боюнча, Кыргызстандын ишке жарамдуу 3 миллион жараны бар, алардын 2 млн. 777 миңи аскердик кызматка жарактуулар.

Өлкө ошондой эле 16 миң аракеттеги жана 10 миң запастагы аскер кызматкерине ээ. Казакстандын аскерлеринин саны 110 миң, а Өзбекстанды — 65 миңди түзөт.

Кыргызстандын аскердик аба техникалары да коңшуларыныкына караганда кыйла алсыз — алардын саны башка Борбордук Азия өлкөлөрүнүкүнөн он эсеге аз, а өлкөнүн жалпы аскердик бюджети 240 млн. долларды түзөт, бул казак армиясыныкынан он эсеге аз.

Басылма жыл сайын ачык ресурстардын жана Американын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) маалыматтарынын негизинде аскер кубатуулугу рейтингин эсептеп чыгарып турат.