Ош облусунун Кызыл-Булак айылында жашаган Алмакан Таштемирова жарык дүйнөгө келгенден бери I топтогу майып. Бирок ага карабастан ал 12 жашынан бери ыр жазып, алары түрдүү гезит беттерине басылып келет. Эки жыл мурда ал ырлар жыйнагын чыгарган.

Алмакан Таштемирова май айында 40ка чыгат, ал бала кезинен бери эле биринчи топтогу майып. Бирок майыптыгы анын чыгармачылык менен алектенип, келечекке пландарды түзүүсүнө тоскоолдук кылбайт.

Таштемированын «Ырларым менин өмүрүм» аттуу ырлар жыйнагы 2014-жылы, демөөрчүлөрдүн жардамы менен басылып чыккан.

«Китебим чыкканда аябай сүйүндүк, өзгөчө атам менен апам. Сүйүнгөндөрүнөн ыйлап да жиберишкен. Ал 200 нуска менен басылып чыккан, анын 100 даанасын Бөкөнбаев атындагы мектепке белек кылдым. Калгандарын досторум менен туугандарыма таратып бердим», — дейт  Таштемирова.

Учурда ал повестинин үстүнөн иштеп жатат.

«Жакында мектепти аяктаганыбызга 20 жыл болот. Классташтарым, мугалимдер үчүн күтүлбөгөн белек даярдап атам — ал аларга арналган обондуу ыр болот деп жатам» , — деди акын.

Айтымында, ата-энеси аны дайыма колдоп, анын поэзия жаатындагы ийгиликтерине кубанып келишет.

«Окурмандарым ырларымды сүйүнүп, түшүнүп окуса мага ошол чоң сыйлык», — деди Таштемирова.

Бош убактыларында Таштемирова ата-энесине жардам берүү үчүн кийим токуп, сайма саят — майыптык үчүн берилчү пенсия ага керектүү болгон дары-дармек сатып алууга жетишпейт.

Автор: Кызжибек Кушбакова