Президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койду. Буга чейин өкмөт башчысы Темир Сариев өкмөттүн 11-апрелдеги кезексиз жыйынында отставкага кетүүгө даяр экендигин билдирген болчу. Сариев андай кадамга аны менен транспорт министринин ортосундагы жол курулушу боюнча тендердин айланасындагы талаш-тартыштан кийин барган.

Атамбаев Кыргызстандын премьер-министри менен өкмөтүнүн отставкасы тууралуу жарылыкка 11-апрелде кол койду. Ал күнү эртең менен өткөн өкмөттүн кезексиз жыйынында Темир Сариев өзүнүн отставкага кете тургандыгы жөнүндө билдирген.

Ал акыркы кездери өкмөттүн ишине тоскоолдуктар «көбөйүп жатканын» белгиледи. Анын айтымында, айрым саясатчылар «жеке материалдык кызыкчылыктарын көздөп», анын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылууга аракет көрүп жатышат.

«Мен өзүмдүн амбицияларым үчүн эмес, а иштин кызыкчылыктары үчүн отставкага кетүүгө даярмын. Бирок өзүмдүн ар-намысымдын тазалыгын далилдөө үчүн аягына чейин күрөшөм», — деди Сариев.

Атамбаевдин жарлыгына ылайык, Сариев баш болгон бардык министрлер кабинети жаңы өкмөт мүчөлөрү тандалганга чейин өз милдеттерин аткарууларын улантышат.

Министрлердин чыры

Өкмөт башчысынын отставкасы тууралуу билдирүү премьер-министрдин транспорт министрлигинин башчысы Аргынбек Малабаев менен болгон жаңжалдашуусунун фонунда жарыяланды.

Жогорку кызматтагы чиновниктер Балыкчы-Корумду унаа жолун оңдоо боюнча тендер өткөрүүдөгү коррупциялык схемаларга бири-бирин айыптап келишет.

Анда Сариев Малабаевдин отставкасын талап кылган, бирок президенттин администрациясы аны кызматтан алууга негиздерди тапкан эмес.

Бүгүн, 11-апрелде, Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министрдин министирлик башчыларын кызматтан бошотуусуна мүмкүндүк берүү үчүн парламент депутаттарына «Өкмөт тууралуу» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган.