Балыкчы-Корумду унаа жолун оңдоо боюнча өткөрүлгөн тендер премьер-министр Темир Сариев менен транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаевдин ортосундагы талаш-тартыштын чыгышына себеп болгон. Тендердин мыйзам бузуулар менен өткөрүлгөндүгү аныкталган, ага эки чиновник бирин-бири айыптап жатышат. Сариев дарегине айтылган айыптоолорду анын ысымын каралоо аракети деп атады.

Премьер-министр Темир Сариев транспорт министри Аргынбек Малабаевдин айыптоолоруна жооп кылып аны анын атын каралоо аракети деп атады. Министр буга чейин Сариев Балыкчы-Корумду унаа жолун оңдоо боюнча тендерде жеңип чыккан кытай компаниясынын кызыкчылыктарын коргогон деп билдирген.

«Менин саясатта жүргөнүмө көп болду жана мен үчүн ар-намыс жөн эле сөз эмес. Менин ысымымды каралоо аракеттери көп болду. Мен иликтөөнүн ачык болушуна кызыктар болгондордун биримин. Тендер өткөрүү жол-жоболоруна кийлигишкен эмесмин жана кийлигише да алмак эмесмин. Мен толугу менен ачыкмын жана иштерим таза», — деп жазды Сариев «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына.

Премьер-министрдин айтымында, тендерди өткөрүү үчүн мекеме жетекчиси жеке жоопкерчилик алышы керек.

«Өкмөт жыл сайын жүздөгөн тендерлерди өткөрөт…Мыйзам менен регламентке ылайык, тендер өткөргөн маморгандын жетекчиси ал үчүн жеке жоопкерчилик алат. Балыкчы — Корумду унаа жолун оңдоо боюнча тендер ушундай эле жол-жоболордун алкагында өткөрүлгөн жана ал үчүн жоопкерчиликти министр алат», — деп жазды Сариев.

Өкмөт башчысы тендер боюнча иликтөө жүргүзгөн депутаттык комиссиянын жыйынтыктарынан да күмөн саноодо. Анын айтымында, комиссиянын ачык эместиги жана шашылыштыгы «анын белгилүү бир мүчөлөрүнүн жалданган ыктымалдыгы» тууралуу айтып турат, ал эми мамлекетке зыян келтирилген деген корутунду «чындыкка дал келбейт».

«Биринчи кезекте комиссиянын пикири транспорт жана байланыш министри Малабаевдин көрсөтмөлөрүнө негизделген. Бир тараптуу маалыматтардын негизинде чыгарылган корутунду анын объективдүүлүгүнөн күмөн санатары турган иш», — деп эсептейт премьер-министр.

Талаштуу тендер

Балыкчы-Корумду унаа жолун оңдоо боюнча тендер 2015-жылдын 22-октябрында өткөрүлүп, анын жыйынтыгында «Лонг Хай» кытай компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Узундугу 104 чакырымды түзгөн жолду оңдоого 6 млрд. сомдон ашык суммага келишим түзүлгөн.

Парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канат Исаев 2016-жылдын мартында тендерди өткөрүүдө мамлекетке 1 миллиард сомдук зыян келтирилгенин билдирген.

Ошол эле жылы түзүлгөн комиссия иликтөө иштерин жүргүзүп, аныкталган мыйзам бузуулар туристтик сезонго жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярданууну үзгүлтүккө учуратууга түрткү болорун билдирген.

Өкмөт транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаевди өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарбай, андан улам мамлекетке зыян келтирген деп айыптаган. Малабаев өзүнөн жоопкирчиликти алып, өз орун басарын айыптап, тендерге премьер-министр Темир Сариевдин катыштыгы бардыгы тууралуу билдирген.

Премьер-министр Темир Сариев Малабаевди кызматтан алууну сунуштаган. Бирок президенттин аппараты анын өтүнүчүн канааттандырган эмес. Бирок кийин Алмазбек Атамбаев Конституцияга премьер-министрге өкмөт мүчөлөрүн өз алдынча кызматтан кетирүү укугун бере турган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.