Кара-Жыгач — тарыхый эстеликтерди коргоо тууралуу мыйзамдарга карабастан аймагында четинен курулуштар пайда болуп жаткан Бишкектин түндүк бөлүгүндөгү чоң сейил бак. Акыркы он жыл аралыгында анын аянтынын кандай кыскаргандыгы тууралуу Kloop.kgнин видеосунан көрүңүздөр.
Акыркы 20 жыл аралыгында Бишкектин түндүк бөлүгүндө жайгашкан Кара-Жыгач сейил багынын аянты дээрлик эки эсеге — 216 гектардан 130 гектарга чейин кыскарган. Бул маалыматтарды 2013-жылы сейил бактарындагы курулуштар көйгөйүн иликтеген депутаттык комиссия ырастады.
Бишкектин 2025-жылга чейинки башкы планына ылайык, Кара-Жыгач сейил багынын аймагы өзгөчө коргоодогу аймактардын катарына кирет, бирок комиссиянын маалыматтарына ылайык, учурда сейил бактын 40 пайызы турак-жай курууга, долборлоого берилип, өзүмбилемдик менен басылып алынган.
2014-жылы Бишкектин Октябрь районунун акими кызматын ээлеп турган Алтынай Өмүрбекова «Азаттык» радиосуна курган маегинде 2007-2008-жылдар аралыгында курулуш үчүн сейил бактан 322 жер тилкеси мыйзамсыз берилгенин айткан.
«Учурда 37 жер тилкеси боюнча иш сотто жүрүп жатат. Жер ээлери жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылышкан, эми ишти Шаардык сот карайт», — деген ал 2014-жылдын ортосунда.
2012-жылы прокуратура ал жер тилкелерине ээлик кылган аткаминерлерди жоопко тартууга аракет кылган — анда Свердлов районунун акиминин мурдагы орун басары менен райондун мурдагы архитекторуна айып тагылган.
Бирок ал иштер мөөнөтү өтүп кеткендиктен улам токтотулган, деп билдирген Свердлов районунун прокурору Гүлнара Алимбаева «Азаттык» радиосуна курган маегинде. Анын айтымында, анда сейил бактын директоруна каршы да айыптоолор айтылган, бирок ал дагы токтотуган.
Катарына Кара-Жыгач сейил багы да кирген тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо тууралуу мыйзамдын буга чейинки редакциясына ылайык, сейил бактын аймагында курулуш иштерин жүргүзүүгө 2015-жылдын жазына чейин толук тыюу салынган.
Бирок 2015-жылдын мартында ага өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык, тарыхый жана маданий эстеликтердин аймактарында курулуш иштерин жүргүзүүгө Эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик органдын уруксаты менен мүмкүн болуп калган.