Нөшөрлөгөн катуу жаандан улам пайда болгон сел Чүй облусундагы 1500 кыргызстандыктын турак үйүн зыянга учуратты. 18-апрелде ӨКМ өзгөчө кырдаалдар режимин киргизди.

Сел агымдарынын пайда болушуна акыркы бир нече күндөн бери уланып жаткан нөшөрлүү жамгыр себеп болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча, сел Чүй облусунун Ысык-Ата, Москва жана Чүй райондорунда жашаган 1500 кыргызстандыктын турак үйлөрүн, чарба курулуштарын зыянга учураткан.

ӨКМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эльмира Шерипова Kloop.kgге курган маегинде 18-апрелде өзгөчө кырдаалдар режими киргизилгенин билдирди.

«Азыр ал жерге министрдин орун басары башында турган ыкчам топ кетти. Алар кесепеттерин жоюу иш-чараларын уюштурушат — сел жүргөн райондордогу сел агымын буруучу каналдарды бекемдөө иштерин жүргүзүшөт», — деди ал.

Шерипованын айтымында, сел агымдары үйлөр менен короолорду каптаган, бирок жабыр тарткандар эвакуацияланышкан эмес — жашоочулардын көпчүлүгү туугандарынын үйлөрүнө убактылуу көчүп барышкан.

«Азыр жарандык коргонуу комиссиясы беш категория боюнча келтирилген зыянды баалайт. Алар боюнча үйлөрдүн канчалык деңгээлде зыянга учурагандыгы аныкталат», — деди ӨКМдин басма сөз кызматынын өкүлү.

ӨКМ жакынкы убактарда нөшөрлөгөн жамгыр жааса тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүндүгүн божомолдоодо.

13062961_249567785394350_2382392269387407465_o

ӨКМден кеңеш

Сел – тоодон агып түшкөн, нуктарындагы тоо тектерин жемирип, майда чоподон тартып, чоң таштарга чейин аралаш шилендилерди агызган, кыйраткыч күчкө ээ болгон катуу суу агымы. Селдин жүрүшүнө узакка созулган нөшөрлөгөн жаан, мөңгүлөрдүн тездик менен эриши, жер титиреп, жанар тоолордун жарылышы жана жер көчкүлөр себеп болушу мүмкүн.

Сел болуу коркунучу тууралуу оргуштап аккан суу агымынын дүңгүрөгөн добушу жана суунун ылайлануусунан билүүгө болот.

Сел жүргөн учурда эмне кылуу керек:

— Ыктымалдуу коркунуч жаралганда тез аранын ичинде үйдөн чыгып, бийиктикке көтөрүлгүлө;

— Эгер силер сел коркунучу бар райондо жашасаңар, анда дарыялардын агымынан алысыраак болгон маршрутту алдын ала пландап алганыңар оң;

— Коопсуз жайга кетүүдө азык-түлүктөрдү жана баалуу буюмдарыңарды алып алгыла;

— Суунун деңгээли төмөндөгөнчө жана ӨКМ коркунуч жок экенин билдиргенге чейин коопсуз жерлерде калгыла;

— Сел агымынан жана тике жарлардан алыс болуу керек, анткени биринчи агымдын артынан кийинкиси келиши мүмкүн.

Селден кийин эмне кылуу керек?

— Үйгө же имараттын ичине кирерден мурун аны жакшылап карап, кооптуу эмес экендигине ынануу зарыл;

— Имарат ичинде ширеңке же шамчырактар менен пайдаланбагыла, анткени анда дароо жарылууга алып келе турган газ бар болушу мүмкүн;

— Үзүлгөн жана асылып турган зымдардан этият болгула, алар тууралуу тиешелүү кызматтарга кабарлагыла. Энергетиктер электр түйүндөрүн текшерип чыкмайынча электр жарыгы менен пайдаланбагыла;

— Ичүүчү сууну текшергиле жана суу агымдарына кабылган азык-түлүктөрдү жебегиле;

— Дубалдар менен полдордун кургашы үчүн бардык эшиктер менен терезелерди ачкыла.

ӨКМ сел коркунучу бар жерлерге турак үй курбоону жана дарыялардын нугуна убактылуу туруучу жайларды уюштурбоо кеңешин берет.