Kloop.kg Suibian Studioнун сүрөтчүлөрү менен биргеликте Эне-Сай кыргыздарынын татуировкалары кандай болгондугун аныктап чыгышты. Андай денеге түшүрүлгөн сүрөттөр окумуштуулар тарабынан байыркы мумияларда табылган.

VI-Х кылымдар датасы көрсөтүлгөн кытай хроникасында Эне-Сай кыргыздарынын үрп-адаттары тууралуу айтылган: «Алардын кайраттуулары колдоруна, а турмушка чыгып жаткан кыздары мойундарына татуировка кылышат».

Адатта байыркы Эне-Сай уруулары мумияларды өрттөшчү, ошондуктан байыркы кыргыздардын денелерине татуировкаларды түшүргөндүктөрү тууралуу маалымат берчү материалдар дээрлик жокко эсе болуп калган.

Бирок философ жана кыргыз тарыхын изилдөөчү Элери Битикчи Пазырык коргонунда (скифтер массалык көмүлгөн Алтайдагы жер) табылган жана биздин заманга чейинки VI-III кылымдар датасы көрсөтүлгөн алтай мумияларын изилдөө менен татуировкалардын маданияты тууралуу элес алууга болот деп эсептейт.

03

«Алтай ханышасы деп аталган аял менен анын жанына көмүлгөн эки жоокердин мумияларындагы татуировкалар, ошондой эле Кема (Эне-Сай) кыргыздарында сакталып калган татуировкалуу мумия байыркы Эне-Сай кыргыздарынын этникалык татуировкалары жөнүндө толук негиздүү элес бере алат», — деди ал.

Тоолуу Алтайдын пазырыкчыларынын биздин заманга чейинки I миң жылдыктын экинчи жарымындагы археологиялык материалдарында жаныбарлар менен фантастикалык жырткычтардын ийилген турпаттары, аңчылык көрүнүштөрү түрүндөгү татуировкалар көрсөтүлгөн. Алардын оор композициясы пазырык искусствосунун гана эмес, а скифтик искусствосунун да жалпы контекстинен айырмаланып турат.

02

Бардык татуировкаларда дененин алдыңкы бөлүгү арткы бөлүгүнө карата 180 градуска кайрылып турган өзгөчөлүктөрү бар. Изилдөөчүлөр аны түбөлүктүүлүктүн белгиси деп божомолдошууда. Бугунун сүрөтү ата-текти символдоштурат — кыргыз урууларынын көпчүлүгү ал жандыкты өз тотеми катары эсептеген.

Жырткычтар түшүрүлгөн татуировкалар күчтү, ошол эле маалда бийликти, кубаттуулукту жана кайраттуулукту элестеткен болушу мүмкүн. Алтай элинин ишеними боюнча, корооздун сүрөттөрү төлчүлдүктү символдоштурган. Эгер адам чоң бийликтин ээси болсо, анда анын эки колуна тең татуировка түшүрүлгөн.

«Жырткыч стилинин» көп түрдүүлүгү үчүн көп фигуралуу «азап тартуу сахналары», аткаруунун реалисттүү манерасы жана композициядагы кооздуктардын бар экендиги мүнөздүү — бул өзгөчөлүктөрдүн бардыгы тең Пазырык коргондорунун бирине көмүлгөн аялдын колуна түшүрүлгөн композицияларга таандык.

01

Бишкек гуманитардык университетинин Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын окутуучусу Максат Бегалиев татуировкалардын символдуулугун белгилейт.

«Татуировкалардын мындай ийилген фигуралардын сөлөкөттөрү, S-түрдүү формалар, мифтик мотивдер менен аткарылган стилдик манерасы кыйла кызык. Бул маселени изилдөө иштери уланып жатат жана мүмкүн келечекте андан бир нерсе таап чыгарбыз», — деди ал.

Автор: Александра Титова
Сүрөттөр: Гүлнара Исламкулова жана Эмил Адылбек уулу