Депутат Талант Мамытов өкмөткө кыргыз, орус жана англис тилдерин өнүктүрүү менен алектенүүнү сунуштады. Ал жаштардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана «эл аралык коомчулук менен алакалашууну тездетүү» үчүн аталган сабактардын мектептердеги сааттарын көбөйтүү керек деп эсептейт.

«Үч тилди өнүктүрүү жөнүндөгү» өкмөттүн токтомунун долбоору коомдук талкууга 22-апрелде алынып чыгарылды. Аны «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Талант Мамытов демилгелеп, өкмөткө кыргыз, орус жана англис тилдерин өнүктүрүү менен алектенүүнү сунуштады.

Депутат Kloop.kgге курган маегинде үч тилди өнүктүрүү жаштардын эл аралык аренадагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн керек экенин айтты.

«Мамлекеттик тил менен катар эле расмий жана чет тилдерди да өнүктүрүү керек, анткени учурда алар эл аралык коомчулук менен алакалашуу үчүн керек. Биздин көптөгөн мекендештерибиз чет өлкөлөргө барып жатышат жана алар үчүн тил билүү атаандаштык артыкчылыгы болушу мүмкүн», — деди Мамытов.

Анын пикиринде, тилдерди өнүктүрүү үчүн мектептердеги сааттардын санын көбөйтүү керек. Токтом долбооруна ылайык, чет тилдери боюнча сааттардын саны кыргыз жана орус тилдери боюнча сабактардын сааттары менен теңелиши керек.

Билим берүү министрлигинен демилгеге жакшы көз карашта экендиктерин билдиришип, бирок кошумча сааттарды киргизүү үчүн мекемеде каражат жок экенин кошумчалашты.

«Бир эле саат кошуу үчүн республикалык бюджеттен акча талап кылынат. Азырынча ага акча жок», — деп билдиришти министрликтин басма сөз кызматынан.

Депутат кошумча сааттарды киргизүү, ошондой эле тилдерди окутууну күчөтүүгө керектүү окуу материалдары үчүн өкмөт табышы керек болгон каражаттын зарыл экенин танбайт.

«Биз өкмөткө жол картасын иштеп чыгып, окуу материалдары жана мугалимдердин айлыктарын төлөп берүү үчүн каражат табууну тапшырдык», — деди Мамытов.

Депутат аталган тилдерди өнүктүрүү үчүн мектептерде кошумча сабактарды киргизип гана койбостон, медиа мейкиндикте да атайын программаларды түзүү керектигин кошумчалады.

Сүрөт: isma.kg