Жер кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө нааразы болгон 700гө чукул киши Казакстандын Атырау шаарынын аянтына чыгышты. Митингдин катышуучулары чет өлкөлүктөргө жер сатууга каршы болуп жатышат.

Казакстандын Атырау шаарындагы митинг 24-апрелде өттү. Казак ЖМКлары борбордук аянтка 700гө чукул киши чогулганын билдиришти.

Чогулгандар Казакстандын Жер кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө каршы болушту. Алардын пикирлеринде, ал өзгөртүүлөр чет өлкөлүктөргө жер аянттарын сатып алууга мүмкүндүк берет. Алар бийликтен жер сатууга жана ижарага берүүгө тыюу салууну талап кылышты.

Жергиликтүү «Ак-Жайык» гезити билдиргендей, алардын алдына шаардын жана облустун акимдери чыгышып, чогулгандарга «Жаңы жер кодексинде Казакстандын эгемендүүлүгүнө коркунуч жарата турган эч нерсенин жоктугун» түшүндүрүүгө аракет кылышкан.

«Келгиле тынчтыкты сактап, абалды курчутпайлы. Өз сунуштарыңарды кагазга жазып бергиле», — деп жазды «ТенгриНьюз» агенттиги Атырау облусунун акими Нурлан Ногавевдин айткандарын.

Активисттер бийлик өкүлдөрүнөн алардын талаптарын өкмөт менен парламентке жеткирүүсүн талап кылышып, өз каалоолору менен аянттан тарап кетишти.

«Бүгүн бул аянтта биз миңге жакынбыз, эгер жерди сатып же ижарага берип башташса, анда биздин саныбыз миллионго жетет», — деп жазды «Ак-Жайык» гезити активисттердин биринин айткандарын.

«ТенгриНьюз» агенттигинин маалыматы боюнча, 2016-жылдын июлунан тарта Казакстандын аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерди аукциондордо сатып алууга болот.

Казакстандын улуттук экономика министринин биринчи орун басары Кайрбек Ускенбаев айыл чарба багытындагы жерлер чет өлкөлүк жарандарга жеке менчикке берилбестигин билдирген.

Бирок Жер кодексине киргизилген өзгөртүүлөр коомчулукта кызуу талкуу жаратып, жерлерге чет өлкөлүк жарандар ээ болуп калышы мүмкүн деген кооптонуулар айтылып баштаган.

Видео жана сүрөт: Азаттык