Британиялык The Telegraph басылмасы Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдун отчеттору менен божомолдоолорунун негизинде жакынкы жылдары туристтердин агымы кескин өсүүсү күтүлүп жаткан өлкөлөрдүн рейтингин түзгөн. Анда Кыргызстан Индия менен Мьянманы артка калтырып, тизменин сап башына жазылган.

The Telegraph басылмасы жакынкы жылдары туристтердин агымынын кескин өсүүсү жана калктын жан башына болгон ички дүң өнүмүнүн (ИДӨ)жогорулоосу күтүлүп жаткан өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. Тизмеге акыркы кездери туристтердин санынын өсүүсү байкалган дүйнөнүн 10 өлкөсү киргизилген.

Рейтинг БУУнун Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюму менен Туризм жана саякат боюнча бүткүл дүйнөлүк кеңештин отчетторунун жана божомолдоолорунун негизинде түзүлгөн.

Кыргызстан Мьянма менен Индияны артка калтырып, тизменин сап башына жазылган. The Telegraphтын маалыматына ылайык, туристтердин агымынын аркасында өлкө өз ИДӨсүн 8,2 пайызга жогорулата алат.

Материалда Кыргызстан өзүнүн жайлоо-туризми менен белгилүү экендиги көрсөтүлгөн.

Рейтингдин автору жана басылманын редактору Оливер Смит ат минип жүрүүнү жактыргандар Кыргызстанды эчак эле байкап койгондуктарын, анткени саясаттоонун андай түрүнүн аркасы менен ажайып жайлар менен жаратылышты да көрүп алууга болорун белгилеген.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен тизмеде Кыргызстандан башка Тажикстан да бар. Ал 2015-жылы туристтердин агымын көбөйтө алган өлкөлөрдүн тизмесинин экинчи сабына жазылган.

Кыргызстан эл аралык рейтингдерге биринчи жолу киргизилбей эле. Буга чейин америкалык Business Insider жаңылыктар порталы Кыргызстанды 2016-жылы барууга мүмкүн болгон өнүгүп келе жаткан 12 туристтик багыттын тизмесине кошкон.

Порталдын журналисти Аниса Шах өлкөнү «жаңылык» деп атап, туристтерге анын жаратылышын көрүп келүүнү сунуштаган.

2015-жылы Forbes журналынын орусиялык басылмасы өз рейтингине «Каракол» тоо лыжа базасын кошуп, ага визасыз барууга мүмкүн болгон эң мыкты база деген наам ыйгарган.