27-апрелде Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жер көчкү болуп, анын астында калган тогузунчу класстын окуучусу каза болду. ӨКМ кооптуу аймактарда жашаган жарандарды эвакуациялап, жер көчкүнүн кайталанышы мүмкүндүгүн эскертүүдө.

Кырсык Кыргызстандын түштүгүндө 27-апрелде болду. Жер көчкү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылында түшүп, анын бир жашоочусунун өмүрүн алып кетти.

ӨКМден каза болгон жаран жер көчкү болгон маалда мал жайып жүргөн тогузунчу класстын окуучусу болгондугун билдиришти.

Мекеменин маалыматы боюнча, ӨКМдин жер көчкүсү болушу мүмкүндүгү тууралуу айыл тургундарына эскерткенине карабастан 9-класстын окуучусу кооптуу аймакка барган.

«Эгер ӨКМ жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте аймакты изилдеп, коркунуч тууралуу кабарлабаганда, жакында болгон жер көчкүлөрдөн жабыркагандар көп болмок», — деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

ӨКМдин алдындагы Кризистик абалдарды башкаруу борборунун өкүлү Азамат Мамбетов Kloop.kgге курган маегинде кырсык болгон жерге ыкчам топ барып, анын мүчөлөрү жергиликтүү жашоочуларды эвакуациялап жаткандыктарын айтты.

«Жер көчкүнүн жолунда мектеп бар. Учурда ӨКМ жергиликтүү жашоочулар менен биргеликте мектепти эвакуациялап жатат. Ал аймакта 73 үй бар. Биз аларды убактылуу турак жай (чатырлар) менен камсыз кылабыз», — деди Мамбетов.

Жер көчкүнүн жалпы көлөмү 3,5 млн. куб метрди түзгөн. ӨКМдин басма сөз кызматы нөшөрлөгөн жамгырдан жана майда жер силкинүүлөрдөн улам жер көчкүлөр активдеше тургандыгын эскертти.

1 млн. 200 миң куб метр көлөмүндөгү биринчи жер көчкү Алмалуу-Булак айылында 23-апрелден 24-апрелге караган түнү болгон. Анын жыйынтыгында эч ким жабыркаган эмес. ӨКМ кызматкерлери ал аймакты изилдеп чыгышып, жергиликтүү жашоочуларга анда мал жайуу кооптуу экенин эскертишкен.

Учурда кооптуу аймактарда үч миңге жакын турак үй бар — бул төрт миңден ашык үй-бүлө. Алардын бир бөлүгү коопсуз жайларга көчүрүлүштү, бирок үч миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймактарда жашоосун улантып жатышат.