Тергөө комиссиясы компаниянын каражаттары менен активдерин мыйзамсыз чыгарып кетүү тууралуу ишке байланышкан материалдарды издеп жатат. Жакынкы убактарда «Кумтөрдүн» жетекчилиги суракка алынат.

Алтын өндүрүүчү «Кумтор Голд Компани» компаниясынын кеңсесиндеги тинтүү иштери 28-апрель күнү саат 16:00дөн кийин башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Милициянын, УКМКнын жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринен турган мекемелер аралык тергөө тобу компаниянын каражаттары менен активдерин мыйзамсыз чыгарып кетүү тууралуу кылмыш ишинин алкагында санкцияланган тинтүү жүргүзүп жатат.

«Учурда тергөөчүлөр тарабынан кылмыш иши үчүн маанилүү болгон документтерди, буюмдарды жана маалымат алып жүрүүчү каражаттарды алуу максатында «Кумтөр Голд Компани» ЖАКсынын имаратында тинтүү жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн «Кумтор Голд Компанинин» өкүлдөрү менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Башкы прокуратурадан жакынкы убактарда компаниянын жетекчилиги жана башка кызматкерлеринин катышуусундагы тиешелүү тергөө аракеттери жүргүзүлө тургандыгын белгилешти.

2014-жылдын майында «Кыргызалтындын» мурдагы башчысы Дилгер Жапаров кармалган. Ал «Кумтөр» кенин иштетип жаткан «Центерра» компаниясына үлүштүк кирешесин төлөп берүү үчүн деп «Кумтөрдөн» 200 млн. долларды мыйзамсыз чыгарып кетүүгө айыпталууда.