Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги Казакстанга илдетке чалдыккан картошка киргизилбегенин билдирди. Мурдараак казак бийлиги өлкө аймагына кыргыз картошкаларын киргизүүгө убактылуу тыюу салган.

4-майда Казакстандын Айыл чарба министрлиги кыргыз картошкаларын өлкө аймагына киргизүүгө убактылуу тыюу салган.

Тыюу салууга картошкадан өсүмдүктөр менен айдоо аянттарына зыян келтире турган алтын түстүү нематода илдетинин табылгандыгы себеп болгон.

Кыргызстандын Фитосанитардык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Таалайбек Айткулов Kloop.kgге курган маегинде Кыргызстан Казакстандын аймагына илдетке чалдыккан картошка жөнөтпөгөндүгүн билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөн чыгарылып жаткан азыктардын бардыгы тең сөзсүз түрдө лабораторияларда экспертизадан өткөрүлөт.

«Экспортко жөнөтүлөөрдүн алдында азыктар лабораторияларда экспертизадан өткөрүлөт. Мурда илдетке чалдыккан картошка коңшу өлкөлөргө барып калган учурлар болгон. Бирок биз андан кийин процессти көзөмөлдөп баштадык. Азыр жөнөтөөрдүн алдында лаборатория өз корутундусун берет», — деди ал.

Айткулов Кыргызстандын аймагында аталган илдетке чалдыккан картошканын бар экендигин четке какпайт. Бирок айтымында, ал картошка жашоочулардын ден соолуктарына таасир этпейт.

«Илдетке чалдыккан картошка Талас облусунун жогорку аймактарында жана Чоң-Кеминде бар», — деди ал.

«Рынокту коргоо» жана «рэкетирлер»

Министрликтин өкүлүнүн пикиринде, Казакстан тараптан тыюу салууну «ички рынокту коргоо жолу» катары кабыл алса болот.

«Нематода Казакстандын төрт облусунда бар: Алма-Ата, Жамбыл, Чыгыш-Казахстан жана Павлодар. Бул облустар толугу менен илдетке чалдыккан. Балким, алар мындай жол менен өз рыногун коргоп жатса керек», — деп кошумчалады Айткулов.

Апрелдин ортосунда «Настоящее время. Азия» басылмасы кыргыз фермерлеринин казак чек арасындагы көйгөйлөрү тууралуу сюжет даярдаган. Дыйкандардын айтымдарында, аларга Алматыдагы «Алтын-Ордо» ири базарына картошка алып киргизүү мүмкүндүк бербей жатышат.

«Монополия, рэкет же талоончулук — аны кантип аташ керек экенин да билбейм. Казакстандан бир кишилер келишип, соода кылууга мүмкүндүк бербей жатышат… 90-жылдардагыдай криминал ээнбаштыгы», — деген соодагерлердин бири Назгүль Киминдаева.

Фермерлер белгисиз адамдар казак президенти Нурсултан Назарбаевдин тууганыбыз деп, Казакстандын аймагына киргизилген ар бир килограмм картошка үчүн акча талап кылып жаткандыктарын айтышкан.

«20 учур аныкталган»

Кыргызстан менен Казакстан — Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ) боюнча өнөктөштөр. Ал альянстын ичиндеги өлкөлөргө товарларды бажы төлөмдөрүсүз киргизип-чыгарууга урусат берет.

2016-жылдын мартында Казакстан бийлиги картошкалардан алтын түстүү нематода илдети табылып жаткандыктан улам аны өз аймагына киргизүүгө тыюу салуулары мүмкүндүгүн билдирип эскертүү жөнөткөн.

Казак бийлигинин маалыматы боюнча, 2016-жылдын үч айында Казакстан Кыргызстандан илдетке чалдыккан картошка киргизилген 20 учурду аныктаган.

«[…] Өкмөт тарабынан Кыргызстандын өкмөтүнө илдетке кабылган азыктар киргизилген дагы бир учур аныктала турган болсо, анда Казакстан кыргыз картошкасы үчүн чек араны жабууга аргасыз болору эскертилген кат жөнөтүлдү», — деп билдирген марттын башында Казакстандын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.