Москва полициясы метродо Кыргызстандын эки жаранын сабаган балдарды кармады. Алар 7 жылдык мөөнөткө чейин эрктеринен ажыратылуулары мүмкүн. Кол салгандар өзүлөрүн «скинхеддер» деп атап жатышат.
Метродо кыргызстандыктарга кол салгандар 6-майда кармалышты.
Окуя 2016-жылдын апрелинде «Улица Скобелевская» станциясында болгон. Кармалгандар Кыргызстандын жараны болгон эки балага кол салышкан.
Кыргызстан ИИМинин Орусиядагы расмий өкүлү Аскат Алиев Kloop.kgге курган маегинде жабырлануучулар Москвада иштеп жүргөндүктөрүн айтты.
«Факты боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүүлөрдү кармашты. Жабырлануучулар чындыгында эле Москвада иштеп жүрүшкөн биздин жарандар», — деди ал.
Анын айтымында, азыр алардын абалдары «жакшы» деп бааланууда.
«Мен алар менен кечээ эле сүйлөшкөм, аларда баары жайында, бүгүн жумуштарына чыгышты», — деп кошумчалады Алиев.
РИА Новостинин маалыматы боюнча, кыргызстандыктарга өздөрүн «скинхеддер» деп атаган жана нацисттик белгилерди алып жүргөн төрт өспүрүм кол салган. Алар алгач кыргызстандыктарды сабап, андан соң көздөрүнө газ чачышкан.
Алиевдин айтымында, кармалгандарга карата Орусиянын Кылмыш кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча айып тагылды. Ал беренеге ылайык, алар жети жылга чейин эрктеринен ажыратылуулары мүмкүн.
Учурда кармалгандар тергөө абагында камакта.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү тергөөчүлөр менен жолугуп, кылмыш ишинин өзгөчө көзөмөлгө алынышын өтүндү.
«Кыргызстандын жабыркаган жарандары ооруканага жатуудан баш тартышты, алардын абалдары канааттандыраарлык, ошондой эле элчилик кызматкерлери алар менен дайыма байланышта болуп жатышат», — деп билдирди Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.