Google Кыргызстанды Street View сервисине кошту, анын жардамы менен дүйнөнүн бардык жериндеги колдонуучулар өлкө менен тааныша алышат. Kloop.kgнин редакциясы сервистеги Кыргызстанда тартылган кооз кадрларды топтоду.
Google Street View сервиси колдонуучуларга дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнө виртуалдык саякат жосоого мүмкүндүк берет. Google-мобиль тарабынан тартылган сүрөттөрдүн аркасы менен андагы кадрлардын бардыгы тең панорамада көрүү үчүн жеткиликтүү.
Кыргызстандын Street View сервисинде пайда болгондугу тууралуу расмий түрдө 7-майда жарыяланды. Ал чет мамлекеттердин жашоочулары виртуалдуу саякатка чыга ала турган 77-өлкө болуп калды.
Kloop.kgнин редакциясы Google-мобиль тарабынан тартылган кадрларды карап чыгып, арасынан кооз сүрөттөрдү тандап чогултту. Камеранын объективине жаратылыштын ажайып жайлары менен катар эле өлкөнүн архитектуралык курулуштары да түшкөн.
Тема боюнча: Google Street View сүрөттөрүндөгү «начар» Кыргызстан
Бишкек:
Бурана мунарасы:
Ысык-Көлдүн жээги:
Каракол жана анын айланасы:
Караколдогу Ыйык Троица чиркөөсү:
Чоң-Ак-Суу капчыгайы (мурдагы Григорьев капчыгайы:
Ысык-Көлдөгү петроглифтер музейи:
Жомок капчыгайы:
Талас облусу:
Нарын облусу:
Таш-Рабат:
Соң-Көлдүн айланасы:
Нарын дарыясы:
Токтогул суу сактагычы:
Сулайман-Тоо, Ош:
Оштун панорамасы: