Бишкектин Биринчи май райондук соту Максим Бакиевди кылмыштуу кирешелердин изин жашырууга жана акча талап кылууга күнөөлүү деп таап, аны 30 жылга эркинен ажыратуу боюнча сырттан өкүм чыгарды.

Бийликтен куулган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге карата 30 жылга эркинен ажыратуу боюнча сырттан өкүм чыгарылды.

Мындай чечим Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан 29-апрелде чыгарылды. Бул тууралуу маалымат 7-майда Жогорку соттун сайтында пайда болду.

Максим Бакиев 190чу (Келишим түзүүгө же андан баш тартууга мажбурлоо), 183чү (Кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу) жана 170чи (Акча талап кылуу) беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Ага карата мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен катаал режимдеги абакка камоо жана 50 миң сом айып пул төлөтүү жазасы белгиленди.

Максим Бакиев — Кыргызстандын президенти кызматын 2005-жылдан 2010-жылга чейин ээлеп турган Курманбек Бакиевдин кичүү уулу. Ал 2010-жылдын апрелиндеги революция маалында атасы жана анын үй-бүлөсү менен бирге өлкөдөн чыгып кеткен.

2007-жылы Максим рейдерлик басып алуу жолу менен «БиМоКом» («Мегаком» бренди) компаниясына ээ болуп, кийин аны досу Алексей Елисеевге берген.

2009-жылы Максим Кыргызстандын Өнүгүү боюнча мамлекеттик фонддун үстүнөн көзөмөлгө ээ болгон Өнүгүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин (ЦАРИИ) директору болуп дайындалган. Ал аркылуу президенттин уулу өз көзөмөлүндөгү банктарга акча салып турган.

Сот ошондой эле Сергей Кимди 20 жылга, Денис Гладышев менен Ульяна Пакты 15 жылга, Назира Иминованы 14 жылга, Пулат Иминовду 9 жылга жана Алексей Елисеевди 8 жылга эрктеринен ажыратуу боюнча өкүмдөрү чыгарды. Алардын бардыгы тең Максим Бакиевдин команда мүчөлөрү болуп эсептелишет.