Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциуму «Панама документтеринин» маалыматтар базасын жарыялады. Ал маалыматтардын жардамы менен дүйнөлүк саясатчылар менен алардын жакын адамдарынын коррупциялык схемалары аныкталып көрсөтүлгөн.

«Панама документтеринин» базасы 9-майдан 10-майга караган түнү Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциумунун (ICIJ) сайтында жеткиликтүү болуп калды.

Ал маалыматтар базасынан адамдар менен өлкөлөрдү аталыштары боюнча издеп табууга болот. Кыргызстан деп жазып издегенде офшор компанияларга ээ беш кишинин аты-жөнү чыгууда — алардын төртөөсү 2013-жылы офшорлор жөнүндөгү маалыматтар ачыкка чыгып кеткенде эле белгилүү болгон.

Бешинчи киши — Владимир Никонов Багам аралдарында катталган Valmeca Universal S.A. компаниясынын бенефициары (пайда алуучусу) катары көрсөтүлгөн. Болжолдуу түрдө «Панама документтериндеги» Никонов — бул Австриянын Кыргызстандагы ардактуу консулу.

ICIJнин маалыматтары боюнча, документтерде дүйнө жүзүндөгү 20дан ашык офшор аймактарда катталган 300 миңден ашык жасалма фирмалар, фонддор жана трасттык компаниялар бар.

ICIJ маалыматтар базасынан табылган уюмдар менен жеке жактар мыйзам бузбаган болушу мүмкүндүгүн, анткени «офшор компанияларын мыйзамдуу пайдалануу варианттарынын» да бар экенин эскертүүдө. Журналисттер жеке жана юридикалык жактардын иденттүлүгүн аныктап, маалыматты текшерүү кеңешин беришүүдө.

Компаниялардын көбү Британиянын Виргин аралдардында, Панамада, Багам аралдарында, Сейшел аралдарында жана Самоадо жайгашкан.

«Панама документтери»

«Панама документтеринин» ачыкка чыгып кетүүсү өзүн Жон Доу деп тааныштырып жаткан адамдын аркасы менен мүмкүн болгон. Ал «Зюддойче цайтунг» немис гезитине панамалык Mossack Fonseca юридикалык компаниясына таандык болгон документтерди берген.

Басылма ал маалыматтарды иликтөөчү журналисттердин эки түйүнүнө — ICIJ менен OCCRPге көрсөткөн. Өз кезегинде алар бардык архивдерди текшерип чыгышып, апрелдин башында азыркы жана мурдагы дүйнөлүк лидерлерге, жогорку кызматтардагы чиновниктерге, бизнесмендерге жана атактуу адамдарга тиешелүү болгон офшорлордогу коррупциялык схемалар тууралуу материалдардын сериясын жарыялашкан.

Офшор компанияларынын ээлери катары көрсөтүлгөндөрдүн арасында Украинанын президенти Петр Порошенко, Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин үй-бүлөсү, Орусиянын президентинин досу Сергей Ролдугин, ошондой эле Казакстандын президентинин небереси Нурали Алиев бар болгон.

Сүрөт: Medusa.io