Президент Райимберди Дүйшөнбиевди Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы кызматына дайындады. Башкы штабдын ага чейинки башчысы аскер кызматкерлеринин арасындагы бир канча жолку жаңжалдардан кийин кызматынан бошотулду.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы болуп буга чейин Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы кызматын ээлеген Райимберди Дүйшөнбиев дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 11-майда билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев акыркы ай ичинде аскер кызматкерлеринин арасындагы бир канча жолку жаңжалдардан кийин Башкы штабдын буга чейинки башчысы Жаныбек Капаровду кызматынан бошотту.

Аскер кызматкерлеринин арасындагы акыркы жаңжал 10-майда болгон, анда Жалал-Абад облусундагы №30670 аскер бөлүгүнүн жоокерине бычак сайылган. Аскер кызматкерлеринин ортосунда оозеки айтышуу болуп, кийин ал мушташка чейин жеткени кабарланган.

Аскер кызматкерлеринин катышуусундагы дагы бир окуя 6-майда болгон — анда Куралдуу күчтөрдүн Аскердик институтунун курсанттарынын бири өз жанын кыйган. Милициянын маалыматы боюнча, ал үйүнөн келгенден кийин асынып алган.

Майдын башында Жалал-Абад облусундагы аскер кызматкерлеринин ортосунда мушташ болуп, анын жыйынтыгында №718 аскер бөлүмүнүн мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жаткан жоокери каза болгон.

Оор натыйжаларга алып келген аскер бөлүктөрүндөгү жаңжалдардын сериясы учурда Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан кызматтык териштирүүлөргө себеп болду. Прокуратура ал ар бир факты боюнча кылмыш ишин козгоду.

Буга чейин «Кылым шамы» укук коргоо борбору акыркы төрт жыл ичинде армияда 60тан ашык аскер кызматкери каза болгонун, алардын көпчүлүгү өз жанын кыйгандар экенин билдирген.