Атайын кызматтагылар оппозициялык маанайдагы «Элдик парламент» кыймылынын координатору Бекболот Талгарбековду кармашты. Ал уюм тарабынан пландалган митингге беш күн калганда кармалып отурат.

Оппозиционердин кармалгандыгы тууралуу активист Адил Турдукулов 12-майда билдирди.

«Бийлик органдарынын «Элдик парламенттин» лидери Бекболот Талгарбековду, ошондой эле оппозициялык уюмдун башка мүчөлөрүн кармап кеткендиктери кабарланууда», — деп жазды ал «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү жеке баракчасына.

Турдукуловдун айтымында, Талгарбековдон сырткары шаардык соттун мурдагы төрагасы Марат Султанов дагы кармалган. Активист кармоо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан жасалган деп эсептейт.

«Кармоо азыр эле болду. Алар УКМКнын кызматкерлери окшойт, анткени алардын стили [оппозиционерлер] Кадыров менен Асановду кармагандарга дал келүүдө», — деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Турдукулов оппозиционерлердин кармалышын «башкача ой жүгүрткөндөргө басым жасоонун белгиси» деп эсептейт.

«Азырынча мен алардын кандай негизде кармалгандыктарын билбейм, анткени кармоого юридикалык себептер жок болчу — алар учурдагы бийликти кулатуу боюнча эл алдында эч кандай билдирүүлөрдү жасашкан эмес. Бул авторитаризм күчөп, азыркы бийликтин өз көлөкөсүнөн коркуп жаткандыгынын белгиси», — деди Турдукулов.

Видео: Тергөөчүлөр оппозиционердин батиринде:

«Заноза» басылмасы Талгарбековго шилтеме жасоо менен кармалгандарга бийликти күч колдонуп басып алуу айыбы тагыла тургандыгын билдирди.

«Азыркы учурда мен УКМКнын кызматкерлеринин автоунаасындамын, комитетке бара жатабыз. Мага эч нерсе түшүндүрүшкөн жок. Үйдө жубайым менен балам, ошондой эле батирде тинтүү иштерин жүргүзүп жаткан УКМКнын ондогон кызматкерлери калышты», — деген Талгарбеков.

Видео: Журналист Аскер Сакыбаева Талгарбековдун кармалышы жөнүндө:

«Бийликти басып алууга даярдануу»

УКМКдан оппозиционерлер «бийликти күч колдонуп басып алууга даярданышкан» деген шек менен кармалгандыктарын билдиришти. Атайын кызматтагылардын маалыматы боюнча, оппозиционерлер «мамлекеттик кызмат адамдарына каршы курал колдонууга» даярданышкан.

«Тергөөгө чейин топтолгон материалдарга ылайык, аталган биримдиктин «Б.Т.», «Т.К.» жана башка мүчөлөрү кылмыштуу бүтүмгө келишип, өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга, ошондой эле андан ары бийликти күч менен басып алуу боюнча мыйзамга каршы  келген аракеттерге багытталган акцияларды өткөрүүгө ниеттенишкен», — деп жазылган мекеменин пресс-релизинде.

«Элдик парламент» бир канча жолу Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин кызматтан кетиши керектигин билдирип келген. Ошондой эле уюмдун өкүлдөрү «Занозага» курган маектеринде алардын артында «орусиялык генералдардын» турарын айтышкан.

Оппозиционерлер 17-майда учурдагы бийликке каршы митингге чыгууну пландап жатышкан. Талгарбеков апрелдин аягында расмий түрдө «Элдик парламент» Бишкектеги аянтка 20 миң киши алып чыгуу ниетинде экенин билдирген.

Аудиожазуунун жарыяланышы

Оппозиционерлердин сүйлөшүүсү делген аудиожазуулар BulBul видеошэринг порталында жарыяланды. Анда болжол менен Талгарбеков өз маектештерине президенттин, андан кийин өкмөттүн отставкасына жетишүүгө аракет кылып жаткандыктарын билдирүүдө.

«Кыргызстанда олуттуу өзгөрүүлөр болот. Бийлик алмашат. Мен 20 миң адам алып чыгам. Кайдагы 20 миң? 350 миң киши чыгат. Биз Атамбаевден кутулушубуз керек, анткени андан кутулбасак биз кадрдык саясатты алмаштыра албайбыз», — деген Талгарбеков.

Ошондой эле аудиожазууларда кыймылдын мүчөсү Төрөбай Колубаевдин да үнүнө окшогон адамдын сүйлөшүүсү бар. Анда ал «Москвадагы досу менен» сүйлөшүп, ага «баары план боюнча болу жатканын» айткан.

«Бардыгы төлөндү, баары жакшы. Анан биз 12синде коммерциялык эмес уюмдарды чакырабыз, а 17синде митинг күнү болот деп чечтик. Анын үстүнөн иштейбиз», — деп айткан Колубаев.

Өз кезегинде «Москвадагы досу» Колубаевге пландалып жаткан митингдин ыктымалдуу кесепеттерин эскерткен.

«Чатакка туш келсеңер ал жактан кийин учуп кетесиңер. Кирип кетүү оңой, бирок чыгуу кыйын. Балдар, ал жакта майдан болот деп айтып атам. Ал 2005чи, 2010-жылдагыдай эле», — деген «досу».

Азырынча бул сүйлөшүүлөрдүн аныктыгы ырастала элек — бул боюнча түшүндүрмө алууга Талгарбеков менен Колубаевдин өзүлөрү жеткиликсиз болуп жатышат.