КСДП жана «Республика — Ата-Журт» фракцияларынын депутаттары чет өлкөлүктөрдүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын уюштуруучусу болуусуна тыюу салууну сунушташты.

ЖМКлар жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу документ коомдук талкууга 13-майда коюлду. Мыйзам долбооруна ылайык, чет өлкөлүктөрдүн ЖМК уюштуруучусу болуусуна тыюу салынат, а басылмалардын өзүлөрү чет элдик каржылоолордун үлүшүн кыскартуулары керек болот.

«Чет өлкөлүк юридикалык жак, башка мамлекеттин жарандары же жарандыгы жок адамдар, ошондой эле башка мамлекеттин жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандары түзүүчү боло алышпайт», — деп жазылган мыйзам долбоорунда.

Өзгөртүүлөрдүн демилгечилери КСДП фракциясынын депутаттары Кожобек Рыспаев менен Искендер Матраимов жана «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаттары Таабалды Тиллаев менен Жыргалбек Турускулов.

Депутаттардын пикирлеринде, чектөөлөр Кыргызстандагы «маалымат мейкиндигин көзөмөлдөөгө» жардам берет.

«Бирок цензурага каршы күрөшкө шылтоо кылып, (ЖМКлар жөнүндөгү) мыйзамга өлкөнүн маалыматтык мейкиндигинин коопсуздугун жөнгө салуучу абдан зарыл ченемдер, сөз жана маалыматты таратуу эркиндиги жаатындагы эл аралык укуктун жалпыга таанылган ченемдери киргизилген эмес», — деп жазылган документке тиркелген негиздеме-маалымкатта.

Депутаттар ошондой эле Орусия менен Казакстандагыдай чет өлкөлүктөр тараптан ЖМКнын бюджетине түшкөн каражаттын көлөмүн азайтуу зарыл деп эсептешет.

«Чет өлкөлүк жеке жана/же юридикалык жактардын,ошондой эле Кыргыз Республикасында катталган капиталга чет өлкөлүк катышуусу менен юридикалык жактардын эсебинен жалпыга маалымдоо каражатын каржылоонун үлүшү каржылоонун жылдык көлөмүнүн жыйырма пайызынан ашпоого тийиш», — деп жазылган документте.

Көз карандысыз журналист Азамат Тынаев Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгү жетишээрлик деңгээлде регламенттештирилген деп эсептейт. Айтымында, башкысы — ЖМКлардын бардыгы тең Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде иш алып барышса болду.

«Мыйзамдар тууралуу айтканда прецеденттер тууралуу да айтуу абдан маанилүү. Чет өлкөлүк уюштуруучу өлкөнүн маалыматтык коопсуздугуна коркунуч жараткан бир да прецедент эсимде жок. Мен тескерисинче, кимдир бирөө биздин мыйзамдар боюнча иштеген масс-медиага инвестиция салса дейт элем», — деди Тынаев Kloop.kgге курган маегинде.

Анын пикиринде, мыйзам долбоорунун кабыл алынышы ансыз деле оор абалда турган ЖМКлардын өнүгүүсүнө тоскоолдуктарды жаратат.

«ЖМК рыногундагы жалпы абал абдан оор, конъюнктурасы жагдайсыз. Ошондуктан мен түрдүү тыюу салууларга, регалменттөөлөргө багытталган кандай гана мыйзам долбоору болбосун дайыма каршы болом. Бизде тескерисинче, маалымат каражаттарынын өнүгүүсүн стимулдаштырган, ЖМКлардын инвестициялык кызыкчылыктарын жогорулата турган мыйзамдарды кабыл алуу керек», — деди Тынаев.