Бишкектин мэри Албек Ибраимов «Дельфин» бассейнин 2016-жылдын аягына чейин калыбына келтирүүнү убадалады. Спорттук комплекс 2011-жылы авариялык абалда деп табылган.

Бишкектин мэри Албек Ибраимов Капиталдык курулуш башкармалыгына чет өлкөлүк жалданма компаниялардын катышуусунда «Дельфин» бассейнин оңдоп-түзөө боюнча тендер өткөрүүнү тапшырды.

Борбордук мэриянын басма сөз кызматынан Ибраимов бассейндеги оңдоо иштеринин жүрүшүнө ыраазы болбогондугун белгилешти.

«Долбоордук-сметалык документтерди бассейндин спецификасын эске алуу менен иштеп чыгуу керек. Спорткомплекс жалпы шаардык борборго айланышы керек» — деди мэр.

Анын айтымында, оңдоо иштерин аткарууда имараттын сырткы көрүнүшүнө эмес, а анын негизги деп эсептелген ички түйүндөрү менен конструкцияларына басым жасоо зарыл.

Ибраимов имаратты оңдоп-түзөө иштери 2016-жылдын аягына чейин бүткөрүлүшү керектигин кошумчалады.

«Дельфин» бассейнин оңдоп-түзөө иштери 2011-жылдан бери уланып келет. Ал кезде Бишкектин мэри кызматын ээлеп турган Иса Өмүркулов оңдоо иштерине деп 5 млн. сом бөлгөн.

Бирок андагы иштер эскисин оңдоо үчун 50 млн. сом талап кылынгандыктан, анын ордуна жаңы бассейн курууну сунуштаган андан кийинки мэр Кубанычбек Кулматовдун кезинде да аягына чыгарылган эмес.

«Дельфин» бассейни 1957-жылы курулган. Комплекс өз ичине 25 жана 20 метрлик эки ваннаны камтыган.

Узак убакыттар бою ал жерде улуттук кураманын суучулдары машыгып келишкен. 2011-жылы имарат авариялык абалда деп табылып, оңдоо иштери үчүн жабылган.

Сүрөт: VB.kg