Чоң-Алай райондук администрациясы мамлекеттик сатып алуулардын сайтына 8 млн. сомдук тендерлерди жашырган. Аяктаган бир канча сынактарда бир ай мурда гана каттоодон өткөн бир эле компания утуп чыккан.

Баяндоо Kloop.kgнин башкы редактору Эльдияр Арыкбаевдин атынан жүрөт.

Чоң-Алайдын райондук администрациясы 23-апрелден 8-майга чейин мамлекеттик сатып алуулардын сайтына жалпы суммасы 8 млн. сомду түзгөн жети тендер жарыясын жайгаштырган.

Ал тендерлердин бардыгын тең бир нече нерсе бириктирип турат: биринчиси — аталыштарында айрым кириллица тамгаларынын ордуна латын тамгалары жазылган, экинчиси — аяктаган тендерлерди «Компания Багиз» ЖЧКсы деп аталган бир эле компания утуп алган.

«Коррупцилык латын тамгалары»

  • Тендерлердин аталышындагы латын тамгаларынын эмнеси жаман?

Бул качандыр бир кезде Орусиядагы Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун түзүүчүсү Алексей Навальный өз блогуна жазган коррупциянын элементтеринин бири. Ал «коррупциялык латын тамгасы» тапшырык ээсинин өзү эле айтып койбосо жалданма компаниялардын мамлекеттик сатып алуулар сайтындагы жарыяларды издөө системасы аркылуу таба албай калгандай шарт түзө тургандыгын жазган.

«Мисалы, сиз алдамчысыз жана мектеп үчүн сүт алып жатасыз деп коелу. Сүт — бул стандарттуу азык, сизге жеткирип берген сүттүн баасынын бир бөлүгүн бере турган «өз жалданма компанияныңызды табууга» мүмкүнчүлүгүңүз аз. Анткени сүт жеткирүүчүлөр сайттагы сиздин жарыяна табышат да төмөнкү бааны коюп коюшат. А сиз болсо өтө жөнөкөй нерсени жасашыңыз керек. Жарыяны сайтка жайгаштырууда «молоко» деп орусча жазбайсыз, а бардык үч «о» тамгасын тең латын тамгалары менен «мoлoкo» деп жазасыз, анан мамлекеттик сатып алуулардын сайтынан издегенде ал жарыя табылбайт. Аны буйрутманы болушунча жогорку баа боюнча алып, сизге кирешесинин 20 пайызын бере турган жеткирүүчүңүз гана таба алат», — деп жазган ал.

  • Ал кандай иштейт?

Чоң-Алайдагы тендерлерде мындай иштеген.

Чоң-Алай администрациясы «Cтроительcтвo кoтельной средней школы в селе Чак Чон-Алайского района Ошской области» деген аталыштагы тендер жарыялайт. Анда «строительство» деген сөздү сырткы көрүнүшү кириллицанын «с» тамгасынан айырмаланбаган латындын «с» тамгасы менен алмаштырып жазышкан.

Качан жалданма компаниялар тендер жарыясын «строительство» деген сөздү кириллица тамгалары менен жазып издегенде, мамлекеттик сатып алуулардын сайты Чоң-Алай администрациясынын жогорудагы тендерин көрсөтпөйт.

  • Балким ката жазылып калгандыр?

Жок. Ал кокустан кетирилген ката болушу мүмкүн эмес, анткени латын тамгалары сөздүн ортосунда жайгашып, кириллица тамгалары менен кезектештирилип жазылган.

Жарыянын аталышын андай кылып жазуу үчүн клавиатурадагы тилдерди атайылап биринен экинчисине которуу керек болот.

Чоң-Алай администрациясы мындай 7 тендер жарыялаган — алардын дээрлик бардыгы тең курулуш иштерине, көбү дарыяларга көпүрө курууларга байланыштуу болгон.

Жалданма компания андай тендердин аталышын же жок дегенде негизги сөздөрдүн бирин туура жазыш үчүн ал кайсыл тамгалардын латын тамгалары менен алмаштырылып жазылганын билиши керек. Эгер Чоң-Алай администрациясында иштеген чиновниктердин бирөөсү менен алдын ала макулдашуулар жок болсо, ал тамгаларды туура таап жазуу мүмкүн эмес.

Бир гана жеңүүчү

Бирок «коррупциялык латын тамгалары» менен эле кызык нерселер бүтүп калбайт — жарыяланган жети тендердин үчөөсүндө бир эле компания утуп чыккан. Ал дээрлик бир ай мурда гана каттоодон өткөн «Компания Багиз» ЖЧКсы болгон.

Компаниянын тажрыйбасы — 15 күн

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзам жалданма компаниялардын тендерге катышуу үчүн зарыл болгон квалификациялык талаптарга жооп берүүсүн талап кылат.

Квалификациялык талаптарга төмөндөгүлөр кирет:

иш тажрыйбасы жана товар жеткирүүлөр менен кызмат көрсөтүүлөрдүн аткарылган көлөмү;

каржылык мүмкүнчүлүктөрүнүн бар экендиги, чыгымдарынын жоктугу, жетиштүү деңгээлдеги жүгүртүүдөгү каражаттын бардыгы;

техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн, тиешелүү жабдууларынын, квалификациялык кадрларынын, лицензиясынын (эгер ишмердүүлүгү лицензияны талап кыла турган болсо) бар экендиги;

Кыргызстандагы салыктарды төлөө жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздары тууралуу маалыматтар.

Юридикалык жактардын базасына ылайык, компания 8-апрелде, тендердин жарыяланышына 15 күн калганда каттоодон өткөн. Ал мезгил компаниянын тендерге катышуусу үчүн зарыл болгон көлөмдөгү иштерди аткарып, тажрыйба топтоосуна жетишсиз.

Бир беттен турган тендер документи

Бирок Чоң-Алай администрациясы Алтын-Дара суусуна көпүрө куруу үчүн жалданма компаниялардан кандайдыр бир тажрыйбасы бар-жоктугун талап да кылган эмес. Бул «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамга туура келбейт.

Төмөндө сынак документтеринде болушу керек болгон 20 пункттун бирөөсү гана келтирилди:

«Сатып алына турган предметтин кеңири сүрөттөлүшү, сатылып алына турган товарлардын жана аткарылчу иштер менен кызматтардын техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү, техникалык спецификалары, курулуш иштеринин толук көлөмүнө карата долбоорлоо-сметалык документтер, долбоорлоо-техникалык чечимдер боюнча мамлекеттик экспертизалар, пландар, чиймелер жана эскиздер; товардын саны; көрсөтүлүшү керек болгон кызматтар; товар жеткирилиши керек болгон же кызматтар көрсөтүлүшү керек болгон жерлер».

А ал документ факты жүзүндө мына мындай көрүнүштө:
А ал документ факты жүзүндө мына мындай көрүнүштө:

Жалгыз катышуучу

«Компания Багиз» 23-апрелде жарыяланган үч тендерге дароо билдирме жөнөткөн. Алардын экөөсүндө ал жеңүүчү болуп чыккан жана жалгыз катышуучу болгон.

Үчүнчү тендерге «Аль-Фаида» деген дагы бир компаниянын билдирме жөнөткөнү менен «жергиликтүү бюджеттеги каражаттын жетишсиздиги» жүйөсү менен ал сынакты токтотуп коюшкан. Азырынча бюджетте акчанын жетишсиз экенин билип туруп жарыяны эмнеге жайгаштыргандыктары таптакыр түшүнүксүз.

Чоң-Алай администрациясы тарабынан 8-майда жарыяланып, 11-майда аяктаган акыркы тендеринде да «Компания Багиз» жеңүүчү деп табылган. Ал сынакта да компания жалгыз катышуучу болгон.

Ал тендерлердин шарттары — түз келишим түзүү — бир жалданма компаниянын катышуусунда сынак өткөрүүгө тыюу салбайт. Бирок түз келишим түзүү үчүн негиздер болушу керек.

Бул мамлекеттик органдар мамлекеттик сатып алуулардын сайтындагы тендерлердин аталыштарын жазууда латын тамгаларын пайдаланган алгачкы учур эмес. Буга чейин Билим берүү министрлиги китептерди сатып алууга жарыяланган 167 млн. сомдук тендердин аталышын көрсөтүүдө латын тамгаларын пайдаланган.