Исфананын башкы базары дээрлик толугу менен күйүп кетти. Азырынча өрттүн келип чыгуу себептери белгисиз, каза болгондор жок.

Исфананын борбордук «Лейлек» базарындагы масштабдуу өрт 20-майга караган түнү башталган — бул тууралуу Kloop.kgге Сүлүктү шаарынын өрт өчүрүү кызматынын өкүлү Эркинбек Жураев билдирди.

pozhar-isfa

«Базардын 70 пайызга жакыны өрттөнүп кетти. Азырынча өрттүн келип чыгуу себептери белгисиз», — деди ал.

Өрт өчүрүү кызматынын кызматкеринин айтымында, өрттөн каза болгондор жок.

pozhar-i

«АКИпресс» басылмасы өрттүн жыйынтыгында 53 дүкөн, 2 жабык соода жайы жана 15 ашкана күйүп кеткенин жазды.

Окуя болгон жерде жүргөн Kloop.kgнин кабарчысы Камбар Асан уулу билдиргендей, саат экиге карата өрт өчүрүү кызматы күркөлөрдүн сатуучулары менен биргеликте өрттү толук алышкан.

pozhar-is

pozhar-isf

Автор: Камбар Асан уулу