Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы Москвада коомдук дааратканаларды тазалап жүргөн кыргызстандыктарга боору ачып жатканын айтты. Kloop.kgнин редакциясы ал боюнча социалдык түйүн колдонуучуларынын жазган пикирлерин топтоду.

Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы 23-майда Астананын жашоочулар менен болгон жолугушуусу маалында башка өлкөлөрдө төмөнкү жумуштарда иштеп жүргөн кыргызстандыктарга боору ачый турганын айтты. Ал мындай пикирин Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу сүйлөп жатып билдирди.

«Чыңгыз Айтматов — улуу жазуучу гана эмес, ал көрөгөч да болгон, тилекке каршы, азыр анын өлкөсү, анын эли кайда баратат. Чынында эле, Кыргызстанда болуп жаткан терс окуяларды ал 40-50-жылдары эле сезип, сүрөттөп бере алган. Тактап айтканда, ал өз элине жаман иштерге барбоо керектигин эскерткиси келген», — деди ал.

Мухамедиулы коомдук дааратканаларды тазалап жаткан кыргызстандыктарды көргөндө аларга боору ачый турганын кошумчалады.

«Чынында, жашыра турган эч нерсе жок, Москвага же дагы башка шаарларга барганда коомдук даараткананы жаш кыздар, биздин кошуналар тазалап жатканын көрүп аларга бооруң ачыйт. Бул албетте, сенин адамдык сезимдериңе тийет. Ал өзүнүн жапжаш кезинде коомдук даараткананы тазалоого татыктуу беле? Албетте, өлкөдө жумуш, перспектива жок болсо, көпчүлүк кыргыздар кетүүгө аргасыз болушту» , — деп сөзүн жыйынтыктаган маданият жана спорт министри.

Министрдин бул айткандары социалдык түйүндөрдүн кыргызстандык, ошондой эле казакстандык да колдонуучуларынын арасында кызуу талкууларды жаратты — колдонуучулардын көбү анын мындай пикирине карата терс пикирлерин жазышты. Казакстандын айрым колдонуучулары өлкө министринин сөздөрү үчүн Кыргызстандын жашоочуларынан кечирим сурашты.

Соцтүйүндөрүн реакциясы

Министрдин айткандарына жооп кылып Эрлан Асангожоев аттуу колдонуучу өлкөдө «маданияттуу маданият министри» табылбагандыгына өкүндү.

«‪#‎Казахстан сыяктуу чоң жана улуу өлкөдө маданияттуу маданият министринин табылбагандыгы өкүнүчтүү», — деп жазды ал «Тенгриньюз» басылмасындагы жаңылыктын пикир калтыруу бөлүмүнө.

Апай деген колдонуучу министр алгач өз жарандарынын жашоосуна көңүл буруп, «өз мамлекетинде тартип орнотушу» керектигин жазды.

«А бизде эмне дааратканаларды тазалап, байлардын хансарайларында иштеген жаштар жокпу? Ата-энелери университеттерди мындай койгула, колледждердеги окуусуна акча таап бере албаган айылдан келип иштеп жаткан андай балдар толтура. Биздин министрдин базарларда араба түртүп, акча табыш үчүн панелге чыккан өз жарандарына кам көрбөгөндүгү таң калычтуу. Анын баары жыргаган жашоодон эмес да, өз башыңдагы төөнү көрбөйт деген ушу…Алгач өз өлкөңөрдө тартип орноткула, анан башкаларга баа бересиңер», — деп жазды ал.

Казакстандын жашоо шарты Кыргызстандагыдан айырмаланбайт деп эсептеген Бека аттуу колдонуучу да ушундай эле пикирде: «Бул министр биздин айылдарды кыдырып көрсө болмок, бизде жашоо шарт жакшы болгонсуп айтыптыр да, бизде да жумуш, өндүрүш жок ата-энесинин пенсиясына жашап жаткандар көп. Биз эмнебиз менен…».

Канат аттуу колдонуучу кыргызстандыктардын көбү өз карьерасын кызмат көрсөтүү тармактарында баштай тургандыктарын жазды.

«Мен кыргыздардын Орусияда кызмат көрсөтүү тармактарында иштеп жаткандыктарынан көйгөй көрбөй элем. Ал чоң шаар, чоң мүмкүнчүлүктөр. Мен Москвада батир сатып алгандардын көбүн кезиктергем, алар профессионалдык жактан өнүгүшөт жана короо тазалоодон баштаганынан таптакыр уялышпайт», — деп жазды ал.

Журналист Каарманбек Кулуев дааратканаларды тазалап жүргөндөргө эмес, а элдин акчасын уурдап жаткандарга боору ачый турганын жазды.

Screenshot_1

Журналист Махинур Ниязова жаңылыктардын төмөн жагына кыргыз өкмөтү элден кечирим сурашы керектигин жазды.

«А чынында ал чындыкты айткан жокпу? Кыргызстандыктардын чет жактарда жумуш издөөгө аргасыз болгондугу үчүн казактар жана алардын министри эмес, а биздин президент, өкмөт өз элинен кечирим сурашы керек», — деп жазды ал.