Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын маданият жана спорт министринин айткандары боюнча коңшу өлкөнүн бийлигине нааразычылык нотасын жөнөттү. Казак чиновниги кечээ Орусияда даараткана тазалап жүргөн кыргызстандыктарга боору ачып жатканын билдирген.

Кыргыз ТИМи 24-май күнү кечинде Казакстандын бийлигине нааразычылык нотасын жөнөттү. Нааразычылык коңшу өлкөнүн маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынын Орусияда даараткана тазалап жүргөн кыргызстандыктарды аяп айткан сөздөрүнө байланыштуу.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги казак чиновнигинин сөздөрүн «кемсинтүүчү» деп атады.

«А.Мухамедиулынын Кыргызстан коомчулугунун терс пикирлерин жаратып жаткан Кыргыз Республикасына карата айткан кемсинтүүчү жана салмакталбаган билдирүүсү жалпысынан эки өлкөнүн ортосундагы өз ара мамилеге ылайык келбей тургандыгы белгиленди», — деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Кыргыз ТИМи ошондой эле Кыргызстанга карата Казакстандын мамлекеттик телеканалдарынын эфиринен да «калыстыксыз билдирүүлөрдүн көп» айтылып жатканына көңүл бурду.

Нааразычылык нотасынын өзү Казакстандын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Ербол Ахметовго тапшырылды.

«Кыздарга аябай боорум ачыйт»

Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы 23-майда Астананын жашоочулар менен болгон жолугушуусу маалында башка өлкөлөрдө төмөнкү жумуштарда иштеп жүргөн кыргызстандыктарга боору ачый турганын айткан.

«Чыңгыз Айтматов — улуу жазуучу гана эмес, ал көрөгөч да болгон, тилекке каршы, азыр анын өлкөсү, анын эли кайда баратат. Чынында эле, Кыргызстанда болуп жаткан терс окуяларды ал 40-50-жылдары эле сезип, сүрөттөп бере алган. Тактап айтканда, ал өз элине жаман иштерге барбоо керектигин эскерткиси келген», — деген ал.

Мухамедиулы коомдук дааратканаларды тазалап жаткан кыргызстандыктарды көргөндө аларга боору ачый турганын кошумчалаган.

«Чынында, жашыра турган эч нерсе жок, Москвага же дагы башка шаарларга барганда коомдук даараткананы жаш кыздар, биздин кошуналар тазалап жатканын көрүп аларга бооруң ачыйт. Бул албетте, сенин адамдык сезимдериңе тийет. Ал өзүнүн жапжаш кезинде коомдук даараткананы тазалоого татыктуу беле? Албетте, өлкөдө жумуш, перспектива жок болсо, көпчүлүк кыргыздар кетүүгө аргасыз болушту» , — деп сөзүн жыйынтыктаган маданият жана спорт министри.

Министрдин ал айткандары социалдык түйүндөрдүн кыргызстандык, ошондой эле казакстандык да колдонуучуларынын арасында кызуу талкууларды жараткан — колдонуучулардын көбү анын мындай пикирине карата терс пикирлерин жазышты.

Айрым казакстандык колдонуучулар министринин айткандары үчүн Кыргызстандын жашоочуларынан кечирим сурашты.

А Кыргызстандагы колдонуучулардын бир бөлүгү Мухамедиулы туура айтканын жана мекендештердин башка өлкөлөрдө төмөн жумуштарда иштеп жүргөндүгү үчүн кыргыз өкмөтү кечирим сурашы керек деген пикирлерин жазышты.